Пример HTML-страницы

Сыноо 11 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=17574&preview=true Кызыктуу окуялар.

СЫНОО….

11-БОЛУМ.

— Эшикке, келгенде айтам, — деп чыгып кетти, Гүлайым унчукпай көзүн жумуп жатып бирок уйкусу келбей оюна азыраак мурун таанышкан Тимурду эстеп кетти: «Дурус эле экен, ата-энесинин ичкенинен анын күнөөсү кайсы», — деп алып кайра: «Аны эмнеге эле ойлонуп жатам, эмне болсо ошол болсун», — деп кайра оодарылып жатып эле эсине түшө берди. Жылмайган ак жуумал жигитин өзүнө караганы, колун сунуп сүйлөгөнү көз алдына келе берип тынчы кетип туруп барып суу ичип келип кайра жатты. Саида көп өтпөй эле кирип келди.

— Саида, сен келдиңби? — деди Гүлайым башын көтөрө.

— Ооба, уктай элексиңби?

— Жо-ок, уйкум келбей жатат, таежемдер кечикти го?

— Келет да, — деп койду Саида, — Азим келиптир.

— Эмне дейт?

— Ала качам дейт.

— Ат-Башыга кетесиңби анан?

— Жо-ок, биякта жашашат ой.

— Ошондой десең, күн суук кыш болсо аякка кантип барышат?

— Биякта турганына отуз жылдан ашыптыр, колунда жогун билбейм, соода кылышат экен, үйлөрү бар, атамдарга эмне керек билбейм.

— Сени бактылуу болсун дешет да.

— А мен ансыз дагы Азим менен бактылуу болом.

— Айтканыңдай болсун.

— Апам укпасын, мени өлтүрөт.

— Ушакчылык жайым жок, көргөнүм көргөн жерге калат.

— Ишендим, — деп жылмайган Саида өз ордуна жатып калды, — Гүлайым.

— Угуп жатам.

— Сен караңгыдан коркпойсуңбу?

— Жо-ок.

— Мен аябай корком, сен келе электе жарыкты өчүрчү эмесмин.

— Мен коркпойм.

— Жакшы экенсиң, кичинемде уктагыча апамды кетирчү эмесмин.

— Укмуш коркок экенсиң го?

— Ооба, караңгы жата албайм.

— Эми коркпо, мен бармын, — Гүлайым күлүп калды, — Укта эми.

— Жакшы жат.

— Өзүң дагы.

— Атамдар келди, — Саида туруп эшикти ачканы кетти.

— Уктадыңарбы? — Калыйпа кирип эле сурады.

— Жок, али уктай элекпиз.

— Жакшы болуптур, силерди уктап калды го дедим эле, Эрлан келбедиби?

— Ал келе элек го?

— Келет, жүргөндүр да.

— Ушул баланыкы өттү, — деди Насырынбек.

— Жаш эмеспи ойноп жүргөндүр.

— Ушундан көрө аскерге жөнөткөндө мурдунун суусу агып жүрөт эле.

— Эки балам болсо аскерге берет бекенмин? — Калыйпа күйөөсүн жини келе карады, — Сен төлөмгө ичиң бышып жатабы?

— Балдарды өтө эркелетип койдуң, обу жоктук кылып жүрөт го?

— Миким үй-бүлөө күтүп жакшынакай эле жашап жатат.

— Мейли-мейли, дайыма сен жеңесиң да, — Насырынбек күлүп унчукпай калды.

— Мен жаттым, — Саида ата-энесин өөп кетип калды, ал күнү Гүлайым улам Тимурду ойлоно берип уйкудан калып кеч турду, качан телефон чалганда туруп сүйлөштү да шашыла жөнөдү, ал кетип бара жатканда Тимур анын алдынан капыстан чыга калгандай беттеше түштү.

— Кандай Гүлайым?

— Жакшы, өзүңөр?

— Ойдогудай, болгону уйкум чала болуп…

— Эмне, чын элеби? — Гүлайым чын пейилден күлдү.

— Ооба, сүйүү деген бир жомок мени чырмап алса керек.

— Кызык экен.

— Айтпа, бирөө эсимден кетпей эле көз алдыма келе берип уйку бербеди.

— Кызык, — Гүлайым унчукпай калды, өзүнүн түнү бою уйкусу келбей чыкканы эсине келип: «Кимди ойлонду экен, мен го», — деп маршрутка келээри менен ага карабай эле түшүп кеткенин сезбеди, бирок ичтен караса ал жок экен:

— Бирөөнү күтүп жаттыңыз беле? — деген кулак түбүнөн чыккан Тимурдун үнүн угуп бурула берди:

— Жо-ок, — Гүлайым уялып кетти, — Сиз кайда барасыз?

— Жумушума.

— Мм, — деп өйдө жылды.

— Чай ичебизби? — Тимур шыбырады.

— Шашылышмын, менин жолугушуум бар эле.

— Өтө зарылбы?

— Ооба.

— Кайда иштейсиз?

— Агенттикте тилмечмин.

— Оо, жакшы экен.

— Рахмат, мен келип калдым, — деген Гүлайым алдыга умтула түшүп бара жатты, артынан Тимур келе жаткандай сезип караса жок экен, эрксизден улутуна кадамын тездетип жөнөдү. Ал күнү жумушу ойдогудай өттү, керээли кечке Тимурду эстеп жүрдү, эсинен чыкса эмне, тамак ичип жатса да, сүйлөшүп жатса дагы келишимдүү жигит эсинен кетпей алагды болуп жүрүп үйгө кеч кайтты, чарчагандай жай басып келе жатса дагы карп-күрп алдынан Тимур чыга калса болобу?

— Си-из? — Гүлайым таңгала карады.

— Ооба, коркуп кеттиңизби?

— Эмнеден корком, таңгалып жатам.

— Эмнеге?

— Качан болсо чыга каласыз.

— Капыстан болуп калды го, — Кайсактай күлдү, — Кеч кайттыңызбы?

— Иш ошондой.

— Аа-а, — Тимур башын ийкеп койду, — Гүлайым жигитиң барбы?

— Жигит болоюн дедиңиз беле?

— Жок болсо.

— Бар болсочу? — Күлө карады.

— Айла жок, сүйбөгөнгө сүйкөнбө…

— Эстүү жигит экенсиз.

— Неге антесиз?

— Жигити барларды жайына койгон.

— Өзүңдү сүйбөгөн кыздан кандай жакшылык болоор эле?

— Туура, — Күлүмсүрөп башын ийкеди, — Мен кирейин.

— Жок дегенде жолугуп турсак болобу Гүлайым?

— Убакыт болсо.

— Чыныңды айтсаң Гүлайым.

— Кеч кирип кетти, — Гүлайым кетмек болду.

— Суроомо жооп бербедиң, теңсинбестик эмеспи?

— Өзүңүз табыңыз жообун, — деген Гүлайым кирип кетти, ал келсе Калыйпа ыйлап отуруптур, — Эмне болду таеже?

— Саида качып кетиптир!

— Каякка?

— Кайда болмок эле, күйөөгө да!

— Качан?

— Бүгүн.

— Неге айтпай кетти? — деген Гүлайым чечинип кайра келди, — Ким айтты таеже?

— Киши келиптир, киргизбей кубалап ийдим.

— Таажездем жокпу?

— Келе элек.

— Эми эмне болот?

— Билбейм, колунда жок бир томоякка тийип эмнени көрөт кокуй, окутайын десем дагы болбой койду, эси жок кыз кандай болот десең? — Калыйпа солуктап жатып Гүлайымга кайрылды, — Сага айткан жок беле?

— Жо-ок.

— Өлүгүңдү көрөйүн эси жок кыз, жалгыз кыз деп эркелетип койсо каалаганын кылганын кара, — ал бышыктап жатканда эшик такылдап калды, — Насыр келди го?

— Сиз отура бериңиз, мен ачам, — деп эшикти ачса өзүнүн агасы Канат туруптур, — Си-из, сиз бул жерге…

— Гүлү чоңойдуңбу, бул жерде кайдан жүрөсүң?

— Таежемдикинде.

— Ким экен? — деп басып келе жатканда телефон чырылдап калды. Калыйпа кайра телефонду көздөй барып трубканы алып эси оогондой туруп калды.

— Эмне болду таеже? — Гүлайым жанына келип туруп сурады.

— Саида, баргандарды кабыл албасаңар өлөм дейт.

— Ошенттиби?

— Ооба, — деп турганда босогодогуларга таңгала суроо узатып Насырынбектин келгенин билип жетип барды, — Эми эмне кылабыз?

— Эмне кылмак элек, үйгө киргизүү керек, — деген Насырынбек тургандарга кайрылды, — Кана киргиле!

— Кулдугубуз бар куда.

— Кулдугубуз бар куда.

— Кулдугуңар кудайга, киргиле үйгө.

— Рахмат куда.

Насырынбек аларды киргизип коноктоп, кудасынын кайдан экенин сураштырып, күйөө баласынын кайда окуп, кайда иштээрин билгени турду, бирок үндөбөй салт боюнча сыйлап кийит кийгизип жөнөттү, алар бир кой жыйырма миң сом алып келишкен болчу, кудаларды жөнөтүп киргенден кийин үн дебей экөө эки жерге отурганда сөз кошууга алы жетпей, эмне деп жубатаарын билбей Гүлайым да тура берди. Ошол убакта Эрлан келип калды, үнсүз отурган ата-энесин, ыйлап алган апасын көрүп саамга туруп анан:

— Силерге эмне болду? — деди.

— Саида күйөөгө тийип кетти.

— Эмне, качан?

— Кыз жаманы кыроо деген ошо да балам, — деди Насырынбек, — Эми эркебиз дагы бирөөнүн бүлөөсүнө айланды, бактылуу эле болсун.

— Бактылуу болсун, — Эрлан отура кетти, — Апа, ошого ыйлап жатасызбы?

— Кантип ыйлабайм? — Калыйпа ого бетер бышактады, — Үйдө жүргөндө тилдеп урушуп койчу элем, тааныбаган жерге барып кызым байкуш кантти экен, иш жасап көргөн эмес, баарын эле өзүм кылып ага жасатчу эмес элем, чоочун бүлөөгө барып кандай күндү көрөөр экен?

— Апа, турмуш башына келсе үйрөнүп алат, андан көрө бактылуу эле болсун десеңиз, — Эрлан күлүп койду, — Кай жерден болот экен?

— Ат-Башылык дейт, шаарда эле турушат экен.

— Жакын эле турбайбы, барып турасыз да, — Ошентип сүйлөшүп жатып Эрлан Гүлайымга кайрылды, — Бөлө, этият бол, сени дагы көтөрө качпасын.

— Коюңузчу, ала качып эмне…

— Кыз дегенди ала качмай оңой да. Насырынбек менен Калыйпа андан кийин туугандарын чакыртмак болуп Мирланга Эрланды жиберишти, кеч болуп калгандыктан эртеси чогулуп кууп бармак болушту. Гүлайым иши менен алек болуп жүрүп убакыттын кандай өткөнүн баамдабай да калды, ал эми Кытайга кетмек болуп ата-энесине айтып келейин дегени менен чукул жөнөй турган болуп кийим кечеси менен керектүүлөрүн даярдап жатканда Кумат келип калды. Баса айта кетчү нерсе Саиданы кууп барганга Гүлүйпаны айткан эмес эле, Кумат угуп таңгалды, бирок анын негизги максаты Гүлайымга өз оюн билдирүү болгондуктан ага эч маани деле бербеди. Ал Гүлайымдын Кытайга кетээрин угуп абдан капа болуп үңкүйүп отуруп калды, оюнда эч нерсе жок ал агасына:

— Куму аке, жер көргөнүм жакшы эмеспи, бул жерден белгилүү бизнесмендерди Кытайга барып иш жүргүзүү компаниялар менен келишимге кол коюшуна көмөк берем, анын үстүнө мага алар жакшы төлөшөт, — деди күлүп.

— Сага акча эле керек болсо үйгө бар, эмне бар шаарда?

— Мен өз эмгегим менен тапканды жактырам, буйруса келгенден кийин журналистикага тапшырам аке, — Күлүмсүрөй караганда Кумаштын жүрөгү зырп этип алды, — Менин азырынча билимим жок, болгону тил билем, эки-үч тилди билгендиктен жумушка алышты.

— Иштин зарылчылыгы эмне сага? — Куматбек нааразы болгондой карады.

— Аке, анда жанагы келгендерге күйөөгө тийип кетейинби?

— Жо-ок… — Кумат какай түштү, — Иштеп эмне кереги бар дейм да.

— Үйгө барсам эле ар кимдер келе берет, тажап да кетем, андан көрө минтип эл-жер көрүп, билбегенимди билип билимимди тереңдетип алганым жакшы эмеспи, кийинки окуганыма дагы жакшы.

— Менимче баш тартканың жакшы атамдар капа болушат.

— Сиз айта барыңыз, барганга убактым болбой калды, мага таарынышпасын ээ? — деп жарк эте карап ордунан турду, — Мен жолго даярдануум керек, эртең эрте чыгабыз.

— Мейли, — Кумаш башка сөз айта албады, анын жүрөгүн жаралагысы келбеди. Гүлайым сыртка чыгып кетти, өзүнө керектүүсүн алганы чыгып кайра келе жатып дагы Тимурга жолугуп калды.

— Кандайсың Гүлайым?

— Жакшы, өзүңүз…

— Эң сонун, сизди көргөнүмө кубанычтамын.

— Чынбы? — Күлүп койду Гүлайым.

— Жумушка чыккан жоксуңбу?

— Жок.

— Гүлайым, бир аз убакыт болсо сүйлөшсөк кантет?

— Убактым жок, эртең Кытайга кетип жатам.

— Чын элеби?

— Калптан көңүлүңүз калды беле?

— Жок-жок, бирок сизди көрбөй куса болом го?

— Кантип эле? — Кыз ага ынтаа кое карап калды, — Мен сизге ким элем куса болгудай? — Токтой калды, өзү дагы аны менен сүйлөшкүсү келип турган эле.

— Билесизби Гүлайым, — Тимур ага ойлуу карап көздөрүнө тигилди, — Бул жашоо адам баласы үчүн табышмак, кээде ойлонбогон бир окуяга туш болуп каласың, кээде кетирген кемчилигиңди оңдоого канча аракет кылсаң дагы мүмкүнчүлүк болбойт, ал эми кээде бир нерсени жасайм деп жасай албай калган учурлар болот.

— Муну менен эмне айткыңыз келет?

— Айтайын дегеним сизге бир сөз айтуу мага оңой болбой туруп алды.

— Айта бериңиз, — Гүлайым күлүмсүрөй карап калды.

— Мен сизди жакшы көрөм.

— Боло берет.

— Сиз мени шакабалап жатасыз.

— Жо-ок, адамдар бири-бирин жакшы көргөнү жакшы го?

— Гүлайым, макул дечи, бир жерге отуруп кең-кесири…

— Гүлү! — деген Куматтын үнү экөөнү тең жалт каратты, — Ал жакын келип калган эле, — Ким бул? — деди Тимурга ээк кага.

— Кошуна, — Гүлайым үйдү көздөй басты, — Кеттик аке.

— Жигит, өз жолуң менен бол! — деди Кумат ага ачуусун кармана.

— Кечиресиз, — Тимур Гүлайымдын аке дегенин угуп басып кетти.

— Гүлү, кошуна элеби же…

— Коюңузчу аке, таежемдердин коңшусу, жолугуп калды.

— Мейли, — Кумат ашыкча эчтеке дебеди, — Кечиккениңден чыккам, сени көрүп жиним келип кетпедиби.

— Эмнеге? — Кыз агасын күлө карады.

— Жиним келет да, бейтааныш бирөө менен турсаң.

— Ой аке-е, мени өмүр бою кайтарат белеңиз, үйлөнсөңүз анан мени коюп өзүңүзчө кетесиз, мен деле минтип жүрбөсмүн, убагы келсе мен деле бирөөгө кетем, турмуш жолу ушундай эмеспи, — Гүлайым ушинткенде Куматтын жүрөгү үзүлүп кете жаздады, өңү бозоруп барып:

— Мен үйлөнбөйм дебедим беле? — деди.

— Неге? — Гүлайым агасын саамга тигиле карап анан күлүп жиберди, — Аа-а билдим-билдим, сүйгөнүңүздү бирөө алып кетип калса керек?

— Эй кыз, эмне дедиң?

— Негизи эле сүйүүдөн көңүлү калгандар гана үйлөнбөй жүрө беришет го?

— Андай да, мындай да эмес, мен бирөөнү сүйөм, бирок айтпайм! — Куматбек кызга тигилди, анда бир сезим барбы же жокпу байкамак болду.

— Эмнеге атамдарга айтпайсыз, сүйлөшөт эле го? — Гүлайым агасына боору ооругандай карады, — Ал кыз өзүбүздүн айылдабы?

— Ооба, — деп үйгө кирип бара жатып: «Ал кыз менин жанымда, ага айта албайм, адепсиздик кылып ачылган гүлдү соолуткандай кылгым келбейт, ал сүйүүм аруу бойдон жүрөгүмдө сакталып калышын каалайм, досторум менен теңтуштарыма дагы кем болгум келбейт, ата-энем өз баласындай мээримин төгүп чоңойтсо мени өз агасындай көргөн карындашымды сүйөм дегеним туура эмес, сүйгөн карындашымдын бактылуу болушу менин дагы бактым», — деп ойлонуп алып оор дем алып отуруп калды. Гүлайым эч нерседен капарсыз болгону менен: «Уят эле болду, өз агасы болсом мындай кылбайт эле деп ойлонуп калды го, сыйлабагандык болуп сезилбесе болду, атамдарга айтып барат эми, шаарга барып ээн-эркин жигиттер менен сүйлөшүп оңуп калыптыр деп, ай кудай ай, кайдан жолуга калды эле», — деп өзүнчө ойлонуп жатты. Кечинде Калыйпа эжесине айта албаганын Куматка түшүндүрүп келип:

— Кумат, садага болоюн, эжеме айтып бар, капыстан болуп калды, акылымды да жыя албай калдым, эмки жумада келип калышсын, себин алып барат, баары даяр, жездем экөө тең келишсин, — деди.

— Макул, айтып барам.

— Ошент садага, эжемден башка эмнем бар, эки эле кыз болсок…

— Кайгыра бербеңиз таеже, апам деле эркек бир тууганым жок деп капалана берет, — деди Куматбек күлүп.

— Ооба десең, бу арман кылбаган адам болбойт тура, — деп улутунуп алды Калыйпа, — Аай Гүлү, кел атаңдар берген эттен ооз тий, эртең жолго чыгасың.

— Азыр таеже.

— Бажа жылда бир жолу дагы козу союп жөнөтчү эмес эле, — Насырынбек күлүп калды, — Гүлү келгенден бери үч козу союп бүкүлү берип жатат ыя, бу да болсо өзгө өздөй дегендик да?

— Ооба, эми сен эле калдың эле, кызы үчүн болсо дагы бергенин айт, же мурун жебей жүрдүң беле, эжем өзү келген сайын алып келет го артынып үртүнүп, — Калыйпа күйөөсүн урушкан болду.

— Койдум-койдум, тамашалап жатам байбиче.

— Ой Куму, бу Эрлан экөөңөр качан үйлөнөсүңөр? — деп калды Калыйпа.

— Шашпай үйлөнөм го, Эрлан өзү эмне дейт?

— Ал дегеле ойлоно элек ботом.

— Шашканда эмне, — деп койду Кумат. Калыйпа тамагын алып келди, Гүлайым жардам берейин деди эле ага болбоду, чогуу отуруп тамактанышты, анан үчөө тең Гүлайымга ак баталарын беришти, изги тилегинин ишке ашышын каалап андан соң жатууга камынышты. Кумат өзүнчө сары санаа болуп түнү бою уктай албай чыкты: «Менин чечимим туурабы, атамдар деле боло берет дешти эле, мен мококтук кылып койдумбу, ачык айтсам бекен, же сумкасына кат жазып салып койсомбу, жо-ок аруу сезимди жүрөккө бекем сактап, таза бойдон сактап жүрүп өткөнүм дурус, өз каным болбосо дагы наристе кезден бир аяктан аш ичип, бир жуурканда өстүк, эми ага үйлөнөм дегеним акылсыздык болоор, бараарым менен үйлөнөм деп айтамын, сүйбөсөм да жакшы жар болсо болду, убакытты өткөрбөй үйлөнгөнүм жакшы», — деп ойлонуп таң атырды. Эртең менен эрте турган Гүлайымды узатып барып жанындагы адамдарды көрдү, зыңкыя кийинип, дипломат көтөргөн үч бизнесмен экен. Көзүнө жаш тегерене секелек кезиндегидей кучагына кысып:

— Жакшы барып кел, — деди үнү каргылдана.

— Атамдарга салам айтып таарынбасын деңиз, кудай буйруса он кундо келем.

 

УЛАНДЫСЫ БАР….

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE