Пример HTML-страницы

Балбай—Корумду жолунун курулушунда кыйылган бак-дарактар эмнеге керектелет?

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл айланма жолунун курулушунун алкагында 80,5 чакырымды түзгөн Корумду—Балбай жолун реконструкциялоо иштери башталды.

КР транспорт жана коммуникация министрлигинин Жол чарба депортаментинин Ысык-Көл облусундагы башчысы Бакыт Барктабасовдун айтымында, курулуштун жүрүшүндө Ысык-Көл жана Түп аймагына тийиштүү жол боюндагы дарактар кыйылып жатат. Дарактардын курулушка жарактуусу шакекче жолго аялдама курууга, жыгачтан дараткана, малдуу конуштарга тосмо коюуга жумшалат.

«Балбай—Корумду жолун 4 тилкелүү багытта капиталдык курулушуна даярдык иштери башталды. Анын алкагында бардыгы 80,5 км аралыктан 10 миңден өйдө майда жана чоң бактарды тазалоо мерчемделген. Учурда 15тен ашуун техника менен 4 бригада иштеп, 4 миңге жакын бак-дарак кыйылды. Бул боюнча жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Алдыда 20 күн аралыгында калган тал-терек тазаланып, курулушка жарактуусу аукционго коюлуп бааланат. Андан соң облустун айланма жолуна 100 аялдама, малдуу конуштарга каша кармалат. Ошондой эле даараткана коюлат», — деди ал.

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул жолдун жалпы баасы 111,07 миллион долларды түзөрүн айткан.

«Бул каражаттарды бизге өнөктөштөрүбүз: Ислам өнүктүрүү банкы, Кувейт Араб экономикалык фонду, Сауд өнүктүрүү фонду жана ОПЕКтин Эл аралык өнүктүрүү фонду берет. 1,1 млрд сом (12,8 млн доллар) бюджеттен бөлүнгөн», — дегенА.Жапаров.

Жолдун узундугу — 79,3 км. Долбоордун алкагында 4 тилкелүү жол, тротуарлар, жалпы узундугу 79 697 метр болгон веложол, аялдамалар, 14 көпүрө жана 877 суу өткөргүч куруу, анын ичинде 2 жер астындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк, 3 жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрө куруу каралган. Курулуш учурунда атмосферага көмүр кычкыл газын чыгарууну жок кылуу максатында пилоттук жана эксперименталдык долбоор катары электр самосвалдары колдонулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE