Пример HTML-страницы

Унаа барбаган, электр жарыгы жок айылдын тургундары президентке кайрылуу жасашты

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Зардалы айылынын тургундары президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, алар аймактарды ирелештирүүнүн алкагында Зардалы айылын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн карамагынан чыгарып, жаңыдан түптөлүп жаткан Алтын-Өрөөн айыл аймагына киризмекчи деген маалыматка каршы пикирлерин айтышууда. Анткени Зардалы айылынын эли Кара-Бак айылы менен эриш-аркак, эгин талаасы, жайыты бир. Эгерде Зардалы башка айыл аймакка карап калса, жашоочулар эгин талаасынан же жайыттан кол жууп калышат.

«Урматтуу президент Зардалы айылы Баткендин борборунан эң алыскы айыл. Тажикстан менен чектешебиз. Айыл болсо Кара-Бак айыл аймагына карайт. Жашоочулар кышкысын ошол Кара-Бак айылына көчүп кетебиз. Жайытыбыз Зардалы айылында. Ал эми эгин талаабыздын жарымы Кара-Бакта турат. Эгер биз Кара-Бакта калсак бул жакка жайыттка чыкпай калышабаз мүмкүн. Зардалыда калгандардын эгин талаасы Кара-Бак айылында калат. Ошого биздин элди бөлүп-жарбай, кайра эле өзүбүздүн айыл аймактын карамагында калсак дейбиз», — дейт Зардалы айылынын тургуну Айдарбек Таштанов.

Ал эми айылда жол маселеси дагы деле жоюла элек.

«Бизде мал дарыянын боюндагы жол аркылуу жайытка чыгат. Бизден башка айыл өкмөттүн жашоочулары да жайытка өтүшөт. Бирок жолду дарыя жиреп, кооптуу абалда. Бизге техника керек. Бул жакта көмүр кендеринде бир канча техника бар. Бизге да ушундай техникалар келсе, жолду оңдосок.

Айыл башчыбызды болсо иштен алып коюшту. Кара-Бактын айыл башчысын бир кылып койгон. Ал жакта биздин маселени кайдан билет? Ошого бизге мурдагы эле айыл башчыны дайындап берсе дейт элек», — деди айыл тургуну Кенжебай Курбанбеков.

Кара-Бак айыл аймагынын башчысы Абдикарим Каламбековдун айтымында, айыл аймактарды ирелештирүүнүн негизинде Кыштут айыл аймагы, Суу-Башы айыл аймагы, Кара-Булак айыл аймагы жана Даранын өйдөңкү зонасын Алтын-Өрөөн айыл аймагына камтуу сунушталган.

«Аймактарды ирилештирүүнүн негизинде ушундай сунуш болгон, 4 айыл өкмөттү бириктирүү. Бирок азыр ишке аша элек.

Анан жол боюнча ӨКМге сунуш берилген. Аким баш болуп жол министри менен жерине барып көрүп келишкен. Бул маселе каралды. Ал эми айыл башчысын №52 токтомдун негизинде алганбыз. Буга чейин министрлер кабинетинин №52 токтомунда 4 айылга бир айыл башчы дайындалсын делген. Азыр 4 айылга бир башчы жардамчы менен дайындалган. Азыр мен ушул айыл менен тааныштырганы келдим, тааныштырып жатам», — деди Абдикарим Каламбеков.

  • Азыркы учурда Зардалы айылында 53 кожолук, 230дан ашык тургун жашайт. Зардалыга 1949-жылы айыл макамы берилген. Бирок андан кийин көпчүлүк жашоочулар көчүп кетишкен. 2016-жылы кайра расмий түрдө айыл макамы берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE