Пример HTML-страницы

Самансур айылында мал жайыла турган талаа таштандыга айланган. Тазалоо иштери башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushКемин районуна караштуу Чым-Коргон айыл аймагынын Самансур айылындагы таштандыга айланган талаа боюнча нааразычылык жаралды.

«Самансур айылынын жолунун жээгиндеги талаага таштанды төгүп кетип жатышат. Биз бул боюнча айыл өкмөтүнө кайрылып, тазалап берүүнү суранып жатабыз. Таштандыда өлгөн койдун тарпы жатат. Негизи бул таштанды таштай турчу талаа эмес. Мал жайыла турган жер. Өлгөн койдун ээсин таап, сасыганда үйүнө ыргытып кетиш керек. Элдин арасында ушундай уяты жок кишилер да болот экен. Шамалда таштандылар учуп, үлүш жерлердин баары желим баштыкка толуп кетет», — деди ал.

Чым-Коргон айыл өкмөтү таштанды маселеси боюнча тургундар кайрылышканын, учурда техникалардын жардамы менен аталган талаа тазаланып жатканын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE