Пример HTML-страницы

Ак-талаалык мугалим Гүлзат Жолдошбек кызы чычкан талашкан окуучуларынын окуясын унутпайт

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылынын тургуну Гүлзат Жолдошбек кызы 12 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келет. Мугалим менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.

Гүлзат Жолдошбек кызы 1990-жылы Кочкор районунун Кара-Суу айылында туулган. 1996-2007-жылдары аталган айылдагы Шапак Рысмендиев атындагы орто мектебинде, 2007-2012-жылдары Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинде, 2017-2019-жылдары Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинде билим алган. 2007-жылы Кош-Дөбө айылына келин болуп келген. 2012-жылдан бери Эргеш Мейманов атындагы орто мектебинде математика мугалими болуп эмгектенип келет. Үй-бүлөлүү, 3 баланын энеси.

Каарманыбыз саясатчы болууну самап, бирок мугалимдик кесипти тандап алганын айтат.

«Мен саясий иштерге кызыкчумун. Мектепте окуп жүргөндө саясатчы болом деп даярданып жүргөм. Мектепте окуп жүргөндө эле мектеп президентине каршы болуп, оппозицияда болчумун. Мектепте дагы, жогорку окуу жайда дагы сабак учурунда жаагым басылбай, мыйзамдарды талкуулап, саясатты эле сүйлөй берчүмүн. Анан эле мектепте бир агайыбыз «Жумуш ордумду сага берем, мугалим бол» дегенинен талондун бирин Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин математика бөлүмүнө таштагам. Ал кезде окууга өткөн же өтпөгөнүбүздү кыдырып билчү элек. Бирин Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетке тапшырдым. Ал университетте документ алыш үчүн бюджеттик орунга 1500 сом сураган эле. Ал эми И.Арабаев атындагы университетине барсам, «70 сом төлөйсүң» деди. Анан апам «Тапшыра бер» деп, документтеримди тапшырып салган. Андан кийин Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы башкаруу академиясына тапшырайын деген элем. Бирок биринчи И.Арабаев атындагы университетке тапшырып калгандыктан, алар документти кайра бербейт экен. Ошентип, мугалимдик кесипке келип калдым», — деди Гүлзат айым.

Ал мугалим болуу үчүн эмнелерге көңүл буруу керектигин айтты.

«Мен мурда өзүмдүн сабагымды билсем болду да дечү элем. Бирок андай эмес экен. Мугалим кээде артист, окуучулар менен дос, эжеси, кээде апасы, кээде атасы болууга туура келет экен. Анан тактык, сабырдуулук, жөнөкөйлүк талап кылынат. Чарчасаң дагы, ийгилик сенден качса дагы, катачылык оорутса дагы, арман жок болсо дагы, көзүңүздөн жаш агып кетсе дагы, аракетиңизди эч ким байкабаса дагы, баары эч нерсе болбосо дагы, эч качан чөгүп кетпей, кайра башынан баштай билүү зарыл. «Төбөдө кара булуттар турса дагы, асмандын көгүш экенине эч качан шектенбегиле» дегендей, аракет кылыш керек. Албетте, билим алуу биринчи орунда эмеспи», — деди Гүлзат Жолдошбек кызы.

Гүлзат айым мугалим, окуучу жана ата-энелердин ортосундагы мамилелерди кантип жөнгө салуу керектигин айтты.

«Төрөлгөндүн баары өлөт, жаңынын баары эски болот» дегендей, азыр балдар менен конфликт кылууга болбойт. Ата-энелер менен тыгыз баарлашуу жана окуучудан дайыма алдыда болуш керек. Мисалы, окуучуда кандайдыр бир маалымат болсо, ал маалыматты мугалим окуучудан биринчи билүүсү зарыл. Изденип, ар тараптуу болсок, окуучулар бизди, биз аларды сыйлай билебиз деп ойлойм. «Билимдүү адамга дайыма дүйнө жарык» деп коёт го. Анткени ал билими аркылуу дүйнөнү адамдардан өзгөчөлөнүп, башка көз караш менен карайт. Өзүнүн билими менен ар кандай оор кырдаалдан чыгып кете алат. Ошондой оор кырдаалдан башка бирөөнү дагы сактап, куткарып калышы да мүмкүн. Бара-бара ал дүйнөнү дагы жакшы тарапка буруп, оор кырдаалдан жулуп чыгып, өнүгүүнүн жогорку деңгээлине жеткириши мүмкүн. Ошондуктан мугалим менен окуучунун ортосунда пикир келишпестик жаралып калса, мугалим билимине таянып, кырдаалды татаалдаштырып жибербей басуу керек деп эсептейм», — деди ал.

Мугалим Өзбекстандын жогорку окуу жайында доклад окуп келгендигин белгиледи.

«Өзбекстандын Ташкент шаарында 2019-жылдын 27-май күнү Мирзо Улукбек атындагы улуттук университетинде илимий семинар өтүп, семинарга катышып, доклад окуп келгеним эң жемиштүү ийгилигим болду десем болот. 2021-жылы Чүй билим берүү институту тарабынан мугалимдерге «Математиканы окутуунун теориясы жана методу» аталыштагы курстук окууда ийгиликтүү сабак өткөндүгүм үчүн ардак грамота менен сыйлангам. 2021-жылы «Жыл мугалими» сынагына катышып 2- орунду ээледим. Эл аралык менталдык арифметика сынагында бир окуучумдун ийгилик жараткандыгы үчүн ардак грамота менен сыйланган элем. 2021-жылы математика сабагы боюнча эл аралык «Клевер» жазгы олимпиадасында окуучуларым 1-2-орунду алышып, грамотага ээ болдум. Быйыл, 2024-жылы «Мугалим журналы» уюштурган республикалык деңгээлдеги «Мыкты класс жетекчи» сынагына катышып, кызыктыруучу сыйлыкка ээ болдум. Учурда «Лидер мугалим» курсуна катталып, сынакка катышып жатам жана республика боюнча форумга кирдим. Быйыл Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети менен тыгыз иштешкендигим үчүн ыраазычылык кат алдым. Ушунун бардыгы эле ийгилигим деп эсептейм», — деди ал.

Мугалим окуучуларынын окуяларынан айтып берди.

«Алгач, окуучу кезимдеги окуядан бирди айтып берейинчи. Эжебиз бир кызды доскага чакырып «Адамдын кайсы органында кычкылтек көмүртекке айланат?» деп сурады. Ал кыз билбей турат. Бир убакта мен колум менен өпкөмдү көрсөтсөм, ал кыз «Колтугунда» деп жатпайбы. Эжебиз баш болуп, окуучулар классты жара күлүп жатабыз. Биздин мектептин экинчи корпусу эски болгондуктан чычкандар кирип, уялай берет. Былтыр окуучуларым бир чычкан кармап алышып, аны багабыз деп талашышыптыр. Аделина деген окуучум алып, ага курут берип, эки күн багыптыр. Аны угуп алып бир топко күлүп жүрдүм», — деди Гүлзат айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE