Пример HTML-страницы

79 миллион долларга оңдолуп жаткан Үч-Коргон ГЭСине Кытайдан 52 адис келип иштеп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushҮч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо үчүн Кытайдан 52 адис келип иштеп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына аталган Үч-Коргон, Шамалдуу-Сай жана Таш-Көмүр ГЭСтеринин директору Акылбек Камчыбеков билдирди.

Анын айтымында, аталган ГЭСтин №4 гидроагрегатын реконструкциялоо жумуштары ушул жылдын ноябрь айына чейин толук аягына чыгып, пайдаланууга берилет.

«Үч-Коргон ГЭСи Нарын дарыясынын каскадына курулган алгачкы ГЭС. 1961-жылы алгачкы гидроагрегаты ишке берилип, ток өндүргөн. Ал эми 1962-жылы калган 3 гидроагрегат орнотулуп, толук ишке киргизилген. Бирок ошол жылдан бери жабдууларды жана инфраструктураны реконструкциялоо боюнча эч кандай иштер жүргүзүлгөн эмес. Инструкция боюнча аталган ГЭСтин стандарттык иштөө мөөнөтү 30 жылды түзөт. Анын мөөнөтү 1992-жылы аяктаган. Бирок кесипкөй адистердин жумушунун натыйжасында ГЭС ушул кезге чейин иштеп, электр энергиясын өндүрүп берүүдө. Ачыгын айтканда реконструкциялоого зарылчылык жогору эле. Анткени жабдуулар жана гидротехникалык курулуштары эскирип, начар абалга келип калган болчу.

Мамлекет тарабынан Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо боюнча долбоор түзүлүп, ал 2019-2027-жылдардын аралыгында ишке ашышы керек эле. Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып жаткан долбоорго Энергетика министрлиги тарабынан реконструкциялоого тендер жарыяланып, анын долбоордук сметасы 100 млн долларды түзгөн (анын 60 млн доллар насыя, 40 млн доллар гранд). Тендерге 15ке чукул компания катышып, соңунда «China National Electric Engineering Co. Ltd» (Китайская национальная электротехническая компания) компаниясы 78 млн 954 миң 500 долларга сунуштап, жеңүүчү аталган. Реконструкциялоонун алгачкы жумуштары 2021-жылдын 14-июнунан башталган. Ушул тапта тетиктерди алып келүү жумуштары 33% түзүп калды.

Ал эми реконструкциялоодон толук өтүп жаткан ГЭСтин №4 гидроагрегатын алмаштыруу жумуштары ушул жылдын 5-мартында башталган. Ал ноябрь айына чейин толугу менен аягына чыгарылып, пайдаланууга берилет», — деди Акылбек Камчыбеков.

Нарын дарыясынын каскадында 5 ири ГЭС бар. Алар – Токтогул ГЭСи анын жалпы кубаттуулугу 1200 МВт, Күрпсай ГЭСнин кубаттуулугу 800 МВт, Таш-Көмүр ГЭСнин кубаттуулугу 450 МВт, Шамалдуу-Сай ГЭСнин кубаттуулугу 240 МВт, Үч-Коргон ГЭСнин кубаттуулугу 180 МВт. Анда жалпы 4 гидроагрегат бар.

————————————————————-

Буга чейи 1-мартта Энергетика министрлиги Үч-Коргон ГЭСтин №4 гидроагрегатын реконструкциялоо пландалып жатканын кабарлаган. Бул иштер «Электр станциялары» ААКтын Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун алкагында аткарылат. 5-марттан тарта №4 гидроагрегат реконстукцияга берилмек болгон. Ал эми долбоорду Азия өнүктүрүү банкы каржылай турганы айтылган.

Учурда бул ГЭСтин жалпы кубаттуулугу — 180 МВт. Тактап айтканда, ар бири 45 МВт болгон 4 блок бар. Графикке ылайык, №4 гидроагрегатты реконструкциялоону аяктоо 2024-жылдын 16-ноябрына пландаштырылган.

  • 20-мартта «Электр станциялары» ААК өлкөдө эң биринчи курулган жана эскилиги жеткен Үч-Коргон ГЭСинин №4 гидроагрегатын реконструкциялоо ишинин башталганына 14 күн болгонун, иштер кызуу жүрүп жатканын маалымдаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE