Пример HTML-страницы

Чүйдөгү 18 жаштагы кыздын өлүмү боюнча жаңы жагдай

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районунда 18 жаштагы кыздын өлүмү боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы Turmush басылмасына билдиргендей, 2024-жылдын 17-апрелинде Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Жайыл районуна караштуу Алексеевка айылынын тургуну — 2006-жылы туулган Э.С. өз өмүрүн кыйгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Аталган факт Жайыл РИИБге катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

Алдын ала териштирүү учурунда 2024-жылдын 17-апрелинде Э.С. үйүндө жалгыз калганы, үйдүн короосундагы чатырга жипке асылып, өз өмүрүн кыйгандыгы аныкталган.

Учурда окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Turmush Жайыл районунда 18 жаштагы кыз көз жумганын жазган.

Бүгүн, 17-апрелде Жайыл аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаш кыз жеткирилип, ал өзүнө келбей көз жумган. Ал өз өмүрүнө кол салган деп божомолдонуп жатат.

Аталган оорукананын маалыматы боюнча, бейтап тез жардам кызматы менен алынып келген. 2006-жылы туулган Э.С. клиникалык өлүм абалында жеткирилген. Ага «Асынуу аркылуу суицид жасоого аракет кылуу, асфиксия (странгуляционная асфиксия)» диагнозу коюлду.

Бейтап саат 09:05те көз жумган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE