Пример HTML-страницы

Эне — бала үчүн табылган баш паанек

https://kyrgyzcha.site/?p=54982&preview=true Кызыктуу окуялар.

⚜ *Эне — бала үчүн табылган баш паанек*⚜

 

Шаарга билимимди жогорулатуу үчүн апам экөөбүз борборго келгенбиз. Сынактын жыйынтыгы чыгып, окууга өткөнүмө көзүм жеткенден кийин апам экөөбүз кубанып окуу жайдын жатаканасын көздөй бет алдык. Апамдын артынан адашып калчудай эки жакты элеңдеп карап биз издеген студенттер жатаканасына да жетип бардык. Апам ичинен кобуранып:

— Мынакей, каралдым жатакана окуу жайга чукул экен. Бул жерге да көнүп кетесиң деп, вахтадан кире бергенибизде мурун катташпаган аталаш агам Ринат, бизди көрүп артына бурулду. Таанышы жок мен үчүн атам тирилип келгендей кубаттана түштүм. Ал кайсыл бир жогорку окуу жайда мугалим болуп иштейт деп угуп калчумун.

— Саламатсызбы эне. Кызыңызды жатаканага жайгаштырайын дедиңизби? — деди. Апам атамдын көзү өткөндөн тарта катышы жок болсо да жакшы маанайда, өткөн-кеткенди сураган болду. Ал каадалуу кишиче өткөндү кайгыруу менен эске алып, апам экөөбүздү окуу жайга жакын ашканага чакырды. Үчөөбүз чогуу тамактанып олтурганда сөз арасында Ринат агам энесинин каза болгонун да айтып өттү. Энесине арнап куран да окулду. Тамакка бата тартып чыгаарыбызда кызарган көзүн мага кадап:

— Энеке, кандай болсо да Татыш менин карындашым болот, агасынын үйү турса жатаканада турганы болбос, — деди каадалуу кишиче. Апама анын сөзү жага берди окшоду, кубана:

— Ушинтип кыйын учурда бири-бириңерге жөлөк болсоңор кана эми, — деди анын сөзүн кубаттап. Дал ошол күндөн тарта энемдин макулдугу менен аталаш агамдын эки кабаттуу жер тамында жашап калдым.

Таң заардан Ринат агамдын корсулдаган үнүнөн чочуп ойгондум. Жеңем экөөнүн чыры дагы башталыптыр. Кичинекей кызы Назиктин да үнү кошулуп ызы-чуу. Уйкулуу көзүм заматта ачыла тыңдай калсам күпүлдөгөн агамдын үнү:

— Сен мага Манас төрөп берип койдуң беле, керек болсо мен жапжаш кызды алууга кудуретим жетет… деп заңкылдап жатты. Аюудай айкырган Ринат агамдын жашы 50 гө таяп калган. Алардын андан аркы сөздөрүн уккум келбеди.

Кээде эле аялына опурулуп калмай адаты кармап калат. Саатты карасам жети болуптур. Үйдөн чыгып кеткиче шаштым.

 

Ээн бөлмөдөгү ачуу кыйкырык

 

Ошол каргашалуу күнү сабактан күндөгүдөн эртерээк бардым. Үйдө эч ким жок экен. Бөлмөлөр каңгырап бош калгандай. Иретсиз чачылган кийимдер, идиштер да толуп кетиптир. Кийимдеримди которуп үй жыйноого кириштим. Баарын өз ордуна коюп, чачылгандарды жыйгыча күн да кечтеп кетти. Терезени карасам, күүгүм кирип калган экен. Машинеси менен агам да келип калды. Ээн үйдө коркуп олтурган жаным ичимден сүйүнүп кеттим. Зиркилдеген агам өзү жалгыз келди. Ала-гүү мас болуп, уурту жыйылбай, түйрүк ээрди жалжайып кулагына жеткиче жылмайып калыптыр. Бутун да чечпестен уктоочу бөлмөсүнө сүйрөлүп кирди. Оор боюн денесине токтото албай дивандын четине башы катуу тийсе да өзүнчө эле жайдары. Кырылдап калганынан колунан тартып жаздыкка башын жеткирейин дегенимде колумдан катуу кармап калды. Агамдын жоругуна түшүнө бербесем да муунум калчылдап чыкты. Кутургандай кызарган бүтүйгөн көзү ачылып, күч менен өзүн жаткырганга жаздаган жаздыкка көтөрүп ыргытты. Коркконумдан чаңырып жибердим. Сенделген маска болгон күчүм менен тытмалап жатып шайым ооп баратканынан колун катуу тиштөөгө үлгүрдүм. Ордунан өйдө боло шадылуу алаканы менен жаагыма чаап жиберди да ошол замат ичинде кайнап жаткан арам оюн ишке ашырууга шашты. Айбандай опурулган макулукту агалап чырылдасам да, кумарга акыл-эсин алдырып, канталаган көздөрү кызарып, тили салаңдаган кутурган иттей сезилди. Кайрадан жалбара:

— Коё бериңиз! Суранам сизден, тийбеңиз мага!» Канчалык чебелектесем да эсинен танып бараткан айбан токтолбоду. Алдында алсыз сезимди кордогонуна маашырлангандай эрдемсип турду. Чачтарым иретсиз уйпалана жулунуп, көзүмдүн жашы салаалап тыйылбай турду.

Кыйраткан зор иш жасагандай өз кылганына маашыркай бөлмөнү жаңырта каткырды да:

— Болду эми, жашыңды селдетпей тыйгын! Калганын эртең сүйлөшөбүз, — деди ары оодарылып жатып…

 

Жаңылыш үйлөнүү той

 

Солуктап ыйлап терезенин алдына келдим. Түн жарымынан ооп калган экен. Көзүмдөн буурчактап жашым төгүлүп, энем экөөбүздүн аруу тилегибизди бырчалаган өз кандашым экенине арданып, муңканган үнүм өзүмө жат туюлуп, өлүмдү гана ойлоп турдум. Баары мага жексур сезилип, өзүмдү бычак менен өлтүрүүнү ойлоп, колума кармаган курч бычак менен «тиги жырткычты өлтүр!» — деген дагы бир үн шыбырайт. Өмүрүмдө бирөөгө кара санабаган жаным бул иш да колумдан келбегенин билдим. Айлам кетип колумдагыны ыргытып жиберип, ыйлай берип жашым да чыкпай калды. Кийимдеримди жыйнап алып апамдын жанына кетсемби, деген ойго токтолдум. Сууга түшүп тазалангандан кийин өзүмдү бул жашоодон артык баш сезип ал оюмдан да кайттым. Үйгө барсам бейбак кызынын күйүтүнө чыдабайт го, шордуу энем, эмне кылсам….

Таң агарып калганда максатсыз сенделип көчөгө чыктым. Чоң жолго чыкканча күн да жылуулугун жер бетине тегиз жеткире албай саламын айта көтөрүлдү. Кичине сумкамды улам кармалап кайсыл багытка бет алаарымды болжоп турсам, жеңил автоунаадан түшкөн эки жигит мага карай басыгын ылдамдатып алдыдагысы:

— Саламатсызбы Гүлзат? -деди жайдары. Эки-жагымды карасам эч ким көрүнбөйт. Артынан жашы отуздар чамасындагы келин да мага карай келе жатты. Терс карап олтуруп алсам, тиги келин ой-боюма койбой эле:

— Ии, тааныбай калган тура бизди, -деди шаңкылдай. Сүйлөйүн десем ыйлап ийчүдөй жашым тамагымды бууп турду. Акидей асылган тиги келин:

— Гүлзат, жүрү үйүңө жеткирип коёлу.

— Мен Гүлзат эмесмин.

— Кой, кагылайын жапжаш болуп туруп сен кимди алдайсың, тигинде кайним да күтүп олтурат, — деди машинени жаңсап. Өз кайгым көөдөнүмө батпай, ичим күйүп, дилим карайып баратты. Кашымдагы шакылдаган келин колун тигилерге жаңсап койгондо кеп-сөзгө келбей жанымда карайлаган экөө, машинеге карай сүйрөп эки бүктөй арткы орундукка салышты. Ушуну эле күтүп турган айдоочу менен бейтааныш жигит мага сырдуу карашып, дароо жеңил унааны от алдырып кайдадыр алып-учуп жөнөдү. Таң атканча ыйлап чыккангабы, кыйкырсам да көзүмдөн жаш чыкпай койду. Кайра-кайра айтсам да тигилердин угаар түрү жок. Төрт-беш саатка чукул жол жүргөндөн кийин бийик коргондуу темир дарбазанын алдына келип токтотушту. Машине токтоору менен үйдөн бир топ аял топурап чыгышып:

— Ии, кайгылайын түшө гой!.. — дешип чуулдашты. Элейген менин колумдан тарткылашып, эркиме койбой жасалгалуу кооздолгон бөлмөгө киргизишип, башыма жоолук салышты. Көп өтпөй эле, менден эч уруксаат сурашпастан молдо чакырышып нике окутушту… «Абийрим өз агамдан кордолоордон мурун ушул иш болсо кана!..» Мени мыскылдуу заар көздөрү менен тиктеген күйөө сөрөйүм, ойлогону оңунан чыкпагандан кийин сөз айтпастан сыртка чыгып кетти. Ал күнү мага эч ким ооз ачып сүйлөгөн жок. Чындык Гүлзаттын ата-энесинен келген жолдомодон кийин ачыкка чыкты.

Көрсө, алардын белгилешкен жери дал мен жолго чыкчу аялдама экен. Энесинин жери болгон Таласка келгиси келбей, эрегишкен кызы, таң атпай жактырган жигити менен чет жакага качып кетиптир деп сүйлөшкөндөрүн уктум.

 

Кайнененин каары

 

Бул окуядан кийин жайдары үй-бүлөөнүн мага болгон мамилеси суз болуп, өзгөчө кайненемдин каары күчөп баратты. Ар бир экинчи сөзү эле: «Кайдан келген тексиз жетимди алып келип, сыйлуу төрүмдү тепсетип!» деп албууттанганы басылбайт. Ырасында, Айсалкын кайнежемдин адаштырганындай эле Гүлзат экөөбүз окшош экенбиз. Ал бир аз толугураак эле болбосо, союп каптагандай окшоштугубузду сүрөттөн байкадым. Жолдошум алгач ал кыздын сүрөтүн башына жааздап терс карап жатып алчу. Кийин мага үйүр алып бараттыбы, энесинин сөздөрүнө да кулак салбай мага эң эле ынак болуп бараткан. Билинбей күндөр айга алмашып ортодон үч ай өткөндө кош бойлуу экенимди сездим. Болбогон жытка окшуп эч нерсеге табитим тартпай, кыйналсам да кайненемдин көңүлүн жибитейин деген сайын мени душманындай көрчү болду. Күйөөгө чыга элек кайнисиңдилерим да сыртын салып теңсинишпейт какшык сөз таштап. Эмне кылмакчымын, көз жашымды жутуп тим болом. Көңүлүмдү кичине жылыткан кайнежемдин кээ бир күнү келе калгандагы жылуу сөздөрү, соолуп бараткан көңүлүмө азык болуп, ал келгенде баары унутулгандай болчу. Ал маңдайымдан сылай:

— Таты, кичине чыда, баары жакшы болуп кетет. Алмаз да сага көнүп баратат, ал сен деп турганда апамдар кайда барышат эле, — деп көңүлүмдү сооротчу.

Туңгуюкталган жашоомдун жолу ачылгандай, мээримдүү энекемдей элестетип азга чыдасам бул кыйынчылыктан өтсөм өз энем менен да кезигээр күндү элестетип, ичимден кудуңдап калаар элем. Ооба ал күндөрү өзүмдү кыялымда бактылуу адамдай сезчүмүн.

 

Жашоонун азабы же жоготуу

 

— Абийирсиз келген аялдан, тилсиз айбан артык. Дердейип кайсы арына уктап жатат дейм да…

Заарканган кайненемдин үнүнөн ордумдан ыргып турдум. Келгениме көп өтпөй эле боюма бүтүшү кайненемдин кыжырын келтирип жүргөнүн сезип жүргөм. Ээрдимди кесе тиштеп чыдаган сайын анын ачуу сөздөрү жилкиниме жетип, жанымды сыздатчу.

— Алмаз, энем экөөбүздү бирге жашатпайт го. Мен да минтип уйку басып оордошуп… Жанымда көзүн ачып жаткан Алмазга акырын үн каттым. Ал мурун энеси урушканда мени жылуу сөзү менен жубатып койчу, бул жолу оор үшкүрө терс бурулуп кетти. Кимдир бирөө жыланды капысынан койнума салып жибергендей чыйрыга түштүм. «Оо Жараткан , мага мынчалык кастарыңды салдың?!

Бул да мени жектеп калган го?..» Ыйлап, ыйлап басылдым. Алмаз бөлмөдөн кабагы суз чыгып энесине:

— «Эми балалуу да болобуз, Тазагүл экөөбүз ЗАГС алалы?» десе,

— Кайдагы бир ар кимдин тепсендисинде калган аял менен ЗАГСка турам дегениң эмнең! Мээң айланып калганбы сенин?!. -деди.

Жашаганыбызга жети айдын жүзү болсо да Алмаз экөөбү граждандык никеде жашачубуз. Ызаланып түпсүз чечилбеген ойдон башым эңги-деңги болду. Кийинки күндөрү Алмаздын ортодо жанчылып энесинин сөзүн кыя албай жүргөнүн сездим. «Аттиң ай, мен өз абийрим менен бул үйдүн босогосун аттаганымда кандай бактылуу болоор элек» деп коём ичимден. Апама дайынымды билдирбей жүргөнүмдү ойлогонумда жаным көзүмө көрүнүп кетти. Бирок, энеме агамдын кылыгын кантип чыдап, айтам…

Тексиз жетим атыгып бирөөнүн босогосунда тепселип жүрө бербей бул жерден кетүүнү чечтим. Күздүн суук күнүндө, апам сатып берген чоң сумкамды алып, Алмаз менен коштошууга аны кыя албай турдум. Жүзүндө санаа турса да мага карай жароокер жылмайып алды. Анын муңайган жүзүн көрүп жүрөгүм «тыз» дей түшүп бурула берээрде артымдан кучактай:

— Мен силерди жакшы көрөм, -деп шыбырады ичимдеги наристени аяр сыйпалай кармап. Көзүмдөн жашым кулап бирөө бизди түбөлүккө ажыратып жаткандай кыналышып көпкө турдук. Алмаз чөнтөгүн чукулап бир тутам акчасын энесинен жашырып карматып, артымдан шаарга барам деп мени узатып көзүнөн чолок жаш таамп, аялдамада жалгыз кала берди.

Шаарга келгенде өз апамдын үйүнө чердейип кетүүнү эп көрбөдүм. Алмаздын берген акчасына издеп жүрүп арзан батир таап, күн көрүүгө туура келди. Жашаган жеримден анча алыс эмес цехке үтүктөөчү болуп ишке кирдим. Өйдө-ылдый болгон сайын ичимдеги балам ылдыйлап бүгүлө калганымды көргөн кожойке:

— Ичиңдеги балаң менен иштей албайсың го? — деди. Мындан кетсем ачка калчудай:

— Жок, мен иштеп жүрүп эле көз жарамын -дедим калың пальтонун жакасын кайра үтүктөп жатып. Ал да менин абалымды түшүндүбү, өзүң бил дегендей, кол силке сыртка чыгып кетти. Күн өткөн сайын ичим чоңойгондон чоңоюп, баратты. Бир айдан өтүп төрөтүм жакындап баратса да Алмаздан кабар болбогонунан чогуу иштеген кыздардан суранып анын чөнтөк телефонуна байланышсам, жакын арада келээрин айтып көңүлүмдү көтөрүп койду. Сөз да болсо мага дем-күч бере кыйналганыма карабай иштеп жүрдүм. Ал күндөрү кыш өз өкүмүн сүрө баштаган. Азапка төрөлгөн жаным кыштын ызгаарду күнүндө толгоом башталды. Кунарсыз бөлмөмдө жалгыз чабалактай жер сойлоп чыдабай калганымда, обочороокто жашаган көзү кызарган батир ээсине бейтапканага жеткирип коюңуз деп жалбардым. Алгач ар шылтоону бир айтып кетип калды. Жарым сааттан кийин бөлмөмдө чабалактап жан алектке түшкөнүмдү көрүп, шалдыраган жигулиси менен төрөтканага жеткирди. Суу көп кеткенгеби, бала чыкпай жатты. Кан улам кетип ыйынууга да шайым келбей, көзүм жумулуп, эсимден танып бараттым. Көзүмдү ачсам терезеге сүйөнүп кайненем туруптур. Алгач эле сураганым балам болду. Бул жолу боору таш кайнемдин көзүнөн жаш алып:

— «Оо, бейбак! Жаштайыңдан эле эне-атаңды жеп тынган экенсиң, эми минтип баламды да наристеңди да жеп тындың!» -деди көзүнүн жашы тыйылбай. Биздин үйгө да кесирдигиңди тийгиздиң го, аягы суюк куу жетим!..

— Жок, мени баламдан ажыратпагыла… Суранам силерден… Оо, Кудай, баламды…

 

Ичим чоңойуп бешинчи айга өтө баштаганда Алмаз энесине:

— Апа, Таты экөөбүз ЗАГСка туралы деген сунушун айтса, албууттанган кайненем:

— Эй келесоо, аягы суюк албарстыдан башкасы куруп калыптырбы?.. Кетир мунуңду, башка кыз алып берем сага! -деди. Босогодон бери кире албай турган ордумда каттым. Алмаз башын жерден албай:

— Баламчы?..

— Кимдин баласы экенин кайдан билесиң?..

Жолдошум андан ары үн ката албай үңкүйүп олтуруп калды. Кайненем мөөрөйгө жеткенде, этегин кагынып сыртка чыгып кетти. Турган ордумдан олтура албай калдым. Биз жаткан бөлмөгө кирип, энем берген чоң сумкага өз буюмдарымды алып түн ката үйдөн чыгып кетээримде, Алмаз мени соорото бир тутам акчасын сунуп жатып артымдан шаарга бараарын айтты.

Шаарга келгенден аз убакыт өтпөй арзан батир таап, цехке үтүктөөчү болуп жумушка орноштум. Алгач кыйналганым менен көнүп бараткам. Эне болууга жакындаган сайын улам апамды сагынып, көз жарып алсам айылга барам деген максат менен күндөр өтүп жатты. Тогузунчу айдан өтүп баратканда Алмаз менен байланышсам, жакынкы күндөрү келээрин айтып, жашаган дарегимди сурады. Адатымча жумушума таң эрте туруп жөнөөрүмдө, ичим сыздатып ооруганынан жыла албай көпкө олтурдум.

Бара-бара оорум басылмак түгүл күчөп, суу кете баштады. Дал ошол учурда батир ээси кабар алганы келип калды. Жер сойлоп жатканымды көрүп, айласыз шалдыраган жигулиси менен ооруканага жеткирди. Алгачкы төрөтүм оор болду. Эсиме келип көзүмдү ачсам, кайненем палатада олтуруптур. Тек гана баш ийкеген болду. Бир аздан кийин быйтыйган ымыркайды оозантууга алып келишти. Кайненем сыртка үн салганда, Алмаз гүл көтөрүп кирип келди. Бир заматта өткөн азаптуу күн унутула, бактылуу көз ирмемде жылмая тиктешип калдык. Ошол жылмаюнун артында жашоонун арылбаган азабы күтүп турганын анда кайдан билдим…

Ураган үмүт же жаңылуу

Бейтапканада бир жумадай жатканда дарыгерлердин уруксааты менен кайненемдер чыгарышты. Мени кетип калат деп күйпөлөктөгөн батир ээси, акчасын сурап келиптир. Муну уккан кайненем кытмыр жылмая Алмазга карап:

— Бол, баланы ал, кеттик. Кыялы заматта өзгөрүлө калган кайненемдин үнү «чаңк» этти.

— Баламды боорума кыса, артка кетенчиктей түшүп:

— Тийбегиле, балама!..

— Көп сүйлөбөй колуңдагыны бер! Сен баланы коюп, өз курсагыңды тойгузуп алчы!

Кайненем жулкунуп келип, колумдагы баламды жулуп алды. Таттуу уйкуда жаткан балам чукуранып, ары-бери тарткылоодон ыйлап жиберди. Жок, мени баламдан ажыратпагыла, Алмаз суранам силерден… Баламды, баламды бергиле… Мени жалгыз калтырып түртө, унаасын от алдырып жөнөй беришти. Үзүлгөн гүлдөй тепсендиде сумкамы чаңдан өйдө ала албай, салаалаган жашымды тыя албай жүз төмөндөп кулап жатты. Кожоюн каадалуу кишиче батирдин акчасын кечээрин айтып үйүнө алып жөнөдү. Эми мени ай талаада калтырса да баары бир эле… Тогуз ай омурткам сыздап төрөгөн наристемден көз ирмемде айрылып, өксүп жаралганыма өкүнүп боздоп, түтөгөн түйшүгүм түгөнбөйт. Олтурсам да турсам да быйтыйган наристем көз алдыма элестейт да турат. А кожоюн болсо күн сайын жаңы, ар түрдүү акчага маарый турган жумуш тууралуу көп айтып түгөтө албайт. А мен үчүн кандай жумуш болсо да баары бир…

 

Кайрадан кездешүү

 

Ошол каргыш алган күнү борбордун так ортосунда жайгашкан Саунага бир топ сойку кыздар менен ишке жиберишкен. Бул жумушка иштегениме жыл айланып калса да ирээнжигеним калбады. Бүгүнкү келчү кардарларды эстеп көңүл кош, эпсиз ачык окшош көйнөктөрдү кармалап жатып өз жашоомо наалып, өтүп кеткен беш жылга таң калам. Андан бери эки аягым менен басып, элдин шарында сүйрөлгөнүм эле болбосо, тирүүнүн өлүгүнө айланганым качан. Бул жерде көзүм жалтырап, оюм алда кайда түгөнбөгөн санаага башым катып турганда тааныш үндү кулагым чалып калды. Ринат агамдын үнү… Өзүн билбей арак ичип, жымыйып кызарган көзүн сүзгөндөгү үнү. Же мени ушул жолго келүүмө түрткү берген үндөрбү… Кулагыма кайрадан жаңырып жатабы дегиче, жанагы үн кулагыма даана угула түштү. Жаңы саатка жиберилген беш кыздын эшиги ачыла калганда башымды өйдө көтөрө калдым.

Ушул итти көзүм көргөнчө жер тең экиге бөлүнүп кетсечи… Карыганча кыз жандаган дөөпөрөстү көзүм көрбөй мурун эле сокур болуп калсачы… Эпсиз эрди кулагына жеткен тааныш караандан көзүмдү ала албай турган жеримде каттым. Бет алдымда элүүдөн эчак ашкан курсактуу, жүзү манаттай кызарган менин агам турду.

— Сенби? Бул жакта эм-н-е-ге…

Ага сөз кайтара албай эриндерим кургап, тилим оозума батпай чыкты. Ал көпкө шылкыйып турду да башын жай көтөрүп:

— Кечир мени?..

— Кантип?..

Үнүм титиреп тула боюм калчылдайт. Менин абалыма түшүнүштүбү жарданып карап турган кыздар ичкери бөлмөгө кирип кетишти. Ал жерде экөөбүз жалгыз калдык. Тилимди жексур байлап койгондой башымды жерден албай тура бердим. Агам жаныма чукул келди.

— Кыйнадым ээ сени?.. — Быртыйган эпсиз чоң колун башыма тийгизе берди.

— Мм…

— Кечир, карындашым… Өйдө карасам кызарган көзүнүн чарасына жаш толуп чыгыптыр.

— Сенин мендей карындашың жок… Жүрөгүмдү жаралап, ушул күнгө кептеген сендей агам жок…

— Таты… Энең сенден түңүлбөй дале күтүп жүрөт…

— Жок, менин эч кимим жок… Өз шорумду өзүм тартам… Ордунан тушалган жандыкты андан ары чыдап карай албай, эшикке чыгып кеттим.

Энем, кагылайын асыл энем, мен сени эч күнөөлөбөйм. Ырас, дале мени көзүң кайыккыча жол карап күтөттүрсүң. Бирок, бул түбү терең сазга кептелгеним тагдырымдын мага буюрган жазыгы, мени кечир асылым апа… Жагымсыз жыттардан баш ооруйт… Кандай гана азаптуу күндөр эртеңки жашоом караңгы түндөй улам күңүрттөнүп барат…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE