Пример HTML-страницы

ОшТУ менен ИТжЭИ ортосунда меморандумга кол коюлду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш технологиялык университети менен Таш-Көмүр инновациялык технологиялар жана энергетика институту ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

ИТжЭИнин ректору Т.Р.Барпыбаевди жана окуу жайдын проректору Ж.С.Сакибаевнаны ОшТУнун ректору Ж.Ж.Турсунбаев кабыл алып, окуу жайлардын ортосундагы келишим студенттердин ар тараптуу өнүгүүсүнө, окуу-тарбиялык иштерине, мобилдүүлүгүнө чоң таасирин тийгизерин белгиледи.

Эки тараптуу кызматташууда академиялык мобилдүүлүк программаларын биргелешип ишке ашыруу, илимий-техникалык изилдөөлөр, биргелешкен билим берүү жана маданий программаларды өнүктүрүү, улуттук жана эл аралык программаларга, долбоорлорго катышуу маселелери каралды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE