Пример HTML-страницы

Ош шаардык милициясы жыл башынан бери аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык ички иштер башкармалыгында 2024-жылдын биринчи чейрегинде аткарылган ыкчам кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Дамирбек Исаков, орун басарлары, милициянын полковниктери Акылбек Бекишов, Таалайбек Нурбаев, башкармалыктын бөлүм жана кызмат башчылары катышты.

Дамирбек Исаков жыйындын жүрүшүндө ар бир бөлүм менен кызматтардын кызматтык ишмердүүлүктөрүн аткарууда ыкчамдуулукту, мыйзамдуулукту аткаруу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, жетекчилик тарабынан тергөөнүн сапатын жогорулатуу жана кылмыштардын бетин ачуу милициянын бирден бир иши.

«Милиция алдамчылыктардын бетин ачуу менен гана чектелип калбастан, жарандарга келтирилген чыгымдарды кайтарып берүүнү колго алышыбыз керек. Ал учүн тергөөнүн, ыкчам кызматкерлердин кесипкөй аракети керек», — деди Исаков.

Ошондой эле кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча массалык-маалымат каражаттары менен тыгыз иштешүү, ар кандай методикалык колдонмолорду, эскертүүлөрдү үзгүлтүксүз иштеп чыгуу керектиги айтылды. Жыйындын жүрүшүндө ички иштер министри Улан Ниязбековдун өздүк курамдын алдына койгон 10 приоритеттүү багыттар боюнча тапшырма берилди.

Жыйын соңунда ыкчам кеңешме кийинки чейрек ичинде аткарыла турган багыттар талкууланып, иш мерчемдин багыттары кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE