Пример HTML-страницы

Неля Сейтекеева ойлоп тапкан акылдуу эшиги менен облустук сынакта 1-орунду багындырды

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жаш талант» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Шаты айылынын 17 жаштагы тургуну Неля Сейтекеева. Ал күз мезгилинен бери мектептеги ийримге катышып, акылдуу эшик системасын ойлоп тапканын Turmush басылмасына билдирди.

Н.Сейтекеева Д.Молдогазиев атындагы жалпы билим берүү мектебинде 11-класстын бүтүрүүчүсү.

«Үй-бүлөдө 7 бир тууганмын, 6 кыз жана 1 уул. Үйдө удаа кыз болгондуктан ата-энем эркек балалуу болууну кааласа керек. Мен үй жумуштарынан сырткары эшиктеги чарбачылыкка да жардамдашып, техникага кызыгам. 2023-2024-окуу жылынын башталышы менен окуучулардын шык жөндөмұнө жараша мектепке ийрим кирип, катышып келе жатам. Сабактан сырткаркы маалда конструктор мугалимим менен өзгөчө долбоорду ойлонуп, өткөн жылдын сентябрь айында акылдуу эшикти ойлоп таптык. А дегенде дароо эле курала койгон жок, көп мээнетти талап кылды, интернеттен издендик. Ошентип “arduino” программасынан коддорду алып, 10 миң сом сарптап, заманбап акылдуу эшиктин макетин жасадык. Акылдуу эшик азыркы заман талабына дал келет, бизнес борбор, мекеме-ишканаларга, жетекчилердин кабинетине, документ сакталган жайларга орнотууга болот. Анткени бөлмөгө жумушчулардан сырткаркы адам кире албайт. Ал биометрика, чип жана башка ыкмалар менен ачылат. Ошондой эле мугалимим менен бирдикте заманбап сугат системасын ойлоп таап, макетин жасап көрдүк. Мында топурактын нымдуулугу компьютердик системадан көрүнүп, автоматташтырылган сууну чачыратуу жолу менен үнөмдүү пайдаланса болот», — деди ал.

Неля Сейтекеева бул өнөрү менен «Биз — XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» эл аралык форумунун облустук туруна катышып, 1-орунду багындырганын кошумчалайт.

«Акылдуу эшик долбоорун ийгиликтүү ишке ашырган соң, алгач «Биз — XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» эл аралык форумунун облустук туруна катыштык. Андан облустук деңгээлде уюштурулуп, эл аралык сынакка жолдомо алдым. Мага шык берип, колдоо көрсөткөн ата-энеме, мугалимдериме терең ыраазычылык билдирем. Негизи бул учурга чейин дарыгер болууну көздөп жүрдүм эле, ийримге катышканым максатымдын багытын өзгөрттү. Мектепти бүткөндө IT программалоо тармагынан билим алып, өз өлкөмдүн өнүгүү жолуна салым кошкум келет», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE