Пример HTML-страницы

Абсаттар Сыргабаев Жалал-Абад облустук футбол ассоциациясынын президенти болуп шайланды

Акыркы жанылыктар

TurmushАбсаттар Сыргабаев Жалал-Абад облустук футбол ассоциациясынын президенти болуп шайланды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаровдун «2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгы кабыл алынган. Ага ылайык, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев облустук футбол ассоциациясынын коомдук башталыштагы жетекчиси болуп шайланды.

Тийиштүү чечим облустук футбол ассоциациясынын жыйынында мүчөлөрдүн жалпы добушу менен кабыл алынган. Бүгүн, 16-апрелде ыйгарым укуктуу өкүл облустук ассоциациянын жетекчилик курамы менен жолугушуп, алдыдагы иш алып баруу багыттарын талкуулашты.

Кабыл алынган жарлыктын негизги максаты калктын ар кандай катмарын футбол менен үзгүлтүксүз машыгууга массалык түрдө тартуу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү, футболчулардын чеберчилигин жогорулатуу, кесиптик футболду өнүктүрүү, жаштарды сергек жашоого умтулууга тарбиялоо болуп саналат.

2024-жылдын февраль айында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE