Пример HTML-страницы

Таластагы окуучулар Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түптөлүшүн сахналаштырып көрсөтүштү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 18-апрелде Талас шаарындагы мектептерде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата жана Талас шаарынын 80 жылдыгына арналган иш-чаралар болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, саясий ишмер Жусуп Абдырахмановдун өмүр таржымалы чагылдырылган документалдык тасма көрсөтүлүп, окуучулар тарабынан даярдалган чакан концерттик программа тартууланды. Иш-чаранын алкагында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түптөлүшүн сахналаштырылды. Буга кошумча кыргыз иденттүүлүгүн даңазалаган улуттук тамак-аштар, улуттук кийимдер жана улуттук музыкалык аспаптар боюнча баяндамалар жасалып, көрүүчүлөргө кан таламай, топ таш оюндарынын ойноо эрежелери тууралуу маалымат берилди.

  • Буга чейин президенттин 2023-жылдын 24-октябрында «Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө» жарлыгы чыккан. Кара-Кыргыз автономиялуу облусу 1924-жылы 24-октябрда түзүлүп, 1925-жылы май айында Кыргыз автономиялуу облусуна айланган. Аталган түзүм 1926-жылы Кыргыз АССРи деп өзгөртүлүп, 1936-жылдан тартып Кыргыз ССРи болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE