Пример HTML-страницы

Ашпозчу Айнагүл Ишебаева сезон учурунда бир күндө 40 адамга каттама бышырат

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин районуна караштуу Чолок айылынын тургуну Айнагүл Ишебаева 6 жылдан бери ижарага ашкана алып иштетип, каттама жасап, сатып келет.

Ал 1960-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлгөн.

«Мындан көп жыл мурун Чолок айылынын тургуну Бурулкан деген апа ушул жол боюна бир боз үй тигип, самоорго чай кайнатып, каймак-майын, каттамасын сатып баштаган. Анда бул жолдо эч ким самоорго чай кайнатып, каттама жасап сатчу эмес. Башында бул көрүнүш таң калыштуу көрүнгөн. Кийин эле чолоктуктар шуурудай тизилип, жол боюнча ашкана салып, «Апамдын каттамасы» деген брендди улантып кетишти. Азыр Чолок айылынын тургундарынын негизги киреше булагына айланды.

Мен ижарага ашкана алып, иштетип келе жатканыма 6 жыл болду. Мен турган жер жаңы салынгандыктан кардарлар анча көбөйө элек. Сезон убагында күнүгө 30-40 киши келип кетет. Ал эми мындай күндөрү 1-2 киши, ашып кетсе 10 кишиге чейин келет. Арасында белгилүү инсандар, туристтер бар. Туристтер тамшанып, каттаманы абдан мактап жешет. Сүрөткө чогуу түшөбүз. Айтор, жумушум бирде кызыктуу, бирде татаал. 1 даана каттама 70 сом, 1 чыны каймак 60 сом болсо, 1 чайнек сүттүү чай 70 сом», — деди ал.

Айнагүл Ишебаеванын жолдошу 2012-жылы көз жумган. Жубайлар 2 уул, 1 кызды тарбиялап-өстүрдү.

«Жолдошум оорудан каза болду. Эки уул, бир кызым бар. Бир уулум Владивостокко иштеп кеткен. Бир уулум ден соолугунан мүмкүнчүлү чектелген. Ал Бишкектеги «Ош» базарында тараза тартып иштейт. Бир кызым дагы Чолок айылындагы ашканада эмгектенет. Өзүм союз кезинде ооруканада техникалык кызматкер, ашпозчу болуп иштегем. Кийин Балыкчы шаарындагы эт комбинатта эмгектенип калдым. Негизи бир топ жыл ар кандай ооруканаларда, мекемелерде ашпозчу болуп иштедим», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE