Пример HTML-страницы

Ак-Талаада 45 жаштан жогорку мырзалар волейболдо күч сынашты

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда 45 жаштан жогорку спорт сүйүүчү ардагерлер арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 13-апрель күнү «Баетов 45+» командасынын уюштуруусунда 45 жаштан жогорку спорт сүйүүчү ардагерлер арасында ден соолукту чыңдоо, ынтымакты бекемдөө максатында айылдар аралык «Ынтымак кубогу» аталыштагы спорттук мелдеш уюштурулду. Мелдештин акчалай байгеси, диплом, кубок жана медалдар демөөрчү тарабынан каржыланып, ал эми ар бир команда 2 миң сомдон ортого төлөм акы коюшту.

Жеңүүчүлөр:

— 1-орунду Баетов айылынын командасы камсыздап, кубок, медаль, диплом жана 8 миң сом;

— 2-орунду Тоголок Молдо айылынын командасы жеңип медаль, диплом жана 6 миң сом;

— 3-орунду Кош-Дөбө айылынын командасы ээлеп, диплом, медаль 4 миң сом,;

— 4-орунду Коңорчок айылынын командасы багынтып, диплом жана 2 миң сом менен сыйланды.

Мындан тышкары «Мыкты чабуулчу» номинациясы менен Бакытбек Жусупбеков, «Мыкты байланыштыруучу» номинациясы менен Зайырбек Борбиев жана «Мыкты коргоочу» номинациясы менен Мансур Исхаков сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE