Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаарында 150 орундуу бала бакча ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында 150 орундуу «Билимтай» бала бакчасы ачылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, анын ачылышына Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнис Ормоков, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Максат Сыдыков баштаган бийлик өкүлдөрү катышты. Бала бакчанын курулушу былтыр башталып, жалпы 84 миллион сом жумшалган. Бул бала бакча өкмөт тараптан Жалал-Абад шаарына бөлүнгөн 2 миллиард сомго бүткөрүлгөн объектилердин катарына кирет.

Калаада жалпы 26 бала бакча бар. Шаарда 5 миңден ашуун бала бакчаларда тарбияланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE