Пример HTML-страницы

Ош шаарында Россиянын 5 тасмасы көрсөтүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында 12-14-апрель күндөрү Россия киносунун фестивалы өттү.

Иш-чара Россия Федерациясынын Маданият министрлигинин жана Кино фондунун колдоосу менен уюштурулду. Фестивалды режиссер Клим Шипенконун тарыхта биринчи жолу космосто тартылган «Чакырык» тасмасы ачты. Ошондой эле иш-чаранын программасына «Аба» аскердик-тарыхый драмасы, «Чортон балыктын буйругу менен» жомогу, «Чебурашка» үй-бүлөлүк комедиясы жана «Жут чымчык» фильм-катастрофасы кирген. Фильмдер кыргызча субтитрлер менен орус тилинде акысыз көрсөтүлдү.

Фестивалдын рассмий ачылыш аземи 13-апрелде өтүп, «Жут чымчык» тасмасынын режиссеру жана сценаристи Борис Хлебников жана Россиянын Госфильмофонд департаментинин атайын долбоорлор жана коомчулук менен байланыш боюнча директору Юлия Брагина катышты.

«Бул Түндүк деңизинде болгон деңиз драмасы. Балыкчылар тобуна колледжди жаңыдан бүтүргөн эки жаш жигит кошулуп, деңизчи болуу тобокелине барышат. Ал жерде чындыгында драма, муундар ортосундагы конфликт өнүгөт. Анда чоңдор бул жаш балдарга орой мамиле жасай башташат. Аларды үйрөтүп, аяр мамиле кылуунун ордуна жаштарды ууландыра башташат.

Фестиваль жана Ош тууралуу айтсам, мен буга чейин Бишкекке гана келгем, бирок Ошто биринчи жолу болушум. Залдын толук келгенине абдан кубанычтамын десем болот. Эми алардын реакциясын жана сын-пикирлерин күтөбүз. Сценарийди жазууга көп убакыт сарпталды, тасма тартууга төрт жыл кетти», — деди Борис Хлебников.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE