Пример HTML-страницы

Видео — Кара-Суудагы №5500 шайлоо тилкесинде чыр чыкты

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Суу районунун №5500 шайлоо тилкесинде чыр чыкты.

Укук коргоо органдарына кайсыл бир талапкердин үгүтчүсү добуш берген шайлоочуларга үгүт иштерин жүргүзүп жатканы боюнча Кара-Суу аймактык шайлоо тилкесине арыз түшкөн.

Жерине келген укук коргоо органынын кызматкери менен №5500 шайлоо тилкесинин тушунда турган аял кайым айтыша кеткен.

Укук коргоо органынын кызматкери менен айтыша кеткен аял: «»Мени үгүт жүргүзүп жатат экенсиң» деп жатышат. Мен үгүт кылган жокмун. Жөн эле шайлоого келген адаммын. Шайлоо мыйзамдарын окугам. Бир күн мурун үгүт иштери аяктайт» деген.

№5500 шайлоо тилкесинде саат 11:00гө карата 110 адам добуш берди.

Аталган шайлоо тилкесинде 2892 шайлоочу катталган.

Ал эми №5269 шайлоо тилкесинде шайлоочулардын пассивдүүлүгү байкалууда.

2021-жылы Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына Ош округунан Айбек Осмонов, Кара-Суу округунан Искендер Матраимов келген. Алар мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырышты. Эгерде бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган депутат өз ыктыяры менен мандатын тапшырса, анда шайлоо өтөт. Бул тууралуу шайлоо мыйзамында айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE