Пример HTML-страницы

Геморрой тууралуу

https://kyrgyzcha.site/?p=56830&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Көпчүлүк адамдар ар кандай себептерден улам геморройдон жабыркашып келет. Бүгүнкү пост геморройду элдик медицинада кантип дарылап , айыктырганым жөнүндө айтып беремин. Жок дегенде 2-3 пунктун жасагыла.

 

1. Арткы тешикти дайыма таза кармоо керек, муздак компресс коюу керек. Кир самын менен гана жууп туруу керек.

 

2. Жатаарда 200 гр айранга + 1 ст л салатный май кошуп аябай аралаштырып ичип алыш керек, бул ичи катканга жардам.

 

3. Сабиздин чачыны чай кылып демдеп, бир күндө 4 жолу, тамактан 15-20 мин кийин 10 күн ичип, 5 күн эс алып, кайра 10 күн ичет, 10 күндөн 4 жолу ичет.

 

4. Бул ооруга сөзсүз Диета сактайт : ачуу, куурулган, майлуу тамактарды жесе болбойт.

 

5. Чоң өлчөмдөгү картошканы алып , четинен кесип алып, узун кылып, күйүүчү шамдай кылып жумуру кыры жок кылып жасайт. Узундугу бир сөөм. Туурасы ар ким өз улуу заарасынын диаметриндей өлчөмдө жасайт. Уч жагын өтө шиш эмес кылып учтайт. Аны суу май менен майлап коёт ( салаарда). Арт жагын 1,5-2 см калтырып ортосунан акырын ( сындырбастан) тешип бир карыш ашыгыраак калыныраак жип же бинттен айрып алып, тешик аркылуу өткөрүп, жипти бири бирине байлап коёт. Анан тонкойуп Г болуп диванга артылып жатат. Арткы тешике акырын картошканы толук киргизет, жиптин учу сыртта калат. Картошка түз ичегидеги жараны өзүнө синирип алат. Аябай ачыштырат , чыдаш керек. Өтө ичке койбогула, ичегинин капталына тийбей калат, өтө жоон койбогула , тыгыз болуп кыйналасынар. Сына турган картошканы тандабагыла. Картошканы эртең менен өтө акырындык менен жибинен түз тартып алып коесунар. Кир самын, ысык суу менен жууш керек.

 

6. Картошканы алгандан кийин , суу калемпири деген чөптүн тунмасынан клизма кылат ( чөп менде бар).

 

7. КОЙДУН куйругун жоондугу ар ким өзүнүн бармагындай, узундугу бир сөом кылып, картошканыкындай кылып учуна жип өткөрүп байлап коюп, Холодильниктин морозильнигине катып муздагыча салып коёт. Клизмадан кийин койдун майын муздак боюнча , арткы тешике өтө акырын толугу менен салат, байланган жип сыртта калат. Кечинде акырын алып коёт. Ушул 5-6-7 пункт сөзсүз айыктырат. Кечинде кайра картошка салат, эртең менен алат, клизма кылат, анан койдун куйругун салат, аны кеч алат. Ушинтип 10 жолу жасагыла, оорудан эч нерсе калбайт.

 

8. Бул ооруга уйдун заарасынан 4 л алып, өтө акырын 1 л калганга чейин кайнатып, сүзүп алып, жылымта мезгилинде клизма кылат. Айыккыча жасагыла, сөзсүз айыгат.

 

9. Союздун жез 3 (2 даана) тыйынын таза жууп, спиртке салып, кечинде жатаарда бирөөсун арткы тешике салып,оозун медициналык лейкопластр менен жаап коёт. Эртең менен өзү чыгат, өйдө кетип калбайт, коркпогула ичегинин кыймылы тыйынды сыртка түртүп турат. Тыйынды алгандан кийин, клизма, андан кийин койдун куйругун салат.

 

10. Чесноктун 5-6 зубчигин, кызып турган майга бир эле салып ала коюп, баарын кезеги менен арткы тешикке салып, оозун лейкопластр менен жаап койсо да бул оорунун айыгышына жардам берет.

 

11. Арткы тешикти тынбай ачып жумуп, жыйрылтып гимнастика кылуу керек.

 

Калган рецептерди өз алдынча жасай албайсыңар, аны дарыгер гана жасап берет. Жаратылыштан жаралганды жаратылыш гана дарылайт.

 

Жогорудагы белгилеген рецептер менен көптөгөн адамдар айыкты. Эч ким оорубасын, баарынарга бекем ден соолук каалаймын, жакындарынар бул оору менен кыйналып жатса, постту бөлүшкүлө, жардам берип койгула.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE