Пример HTML-страницы

Ак-Талаада 121 тургунга акысыз медициналык кароо жүргүзүлдү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда илимий-практикалык конференция өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору Азамат Дүйшөналиевдин айтымында, алгач аталган райондук борбордун имаратынын айланасына бак-дарактар отургузулуп, райондук маданият үйүндө жалпы дарыгерлик практикалык борбору тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча слайд көрсөтүлүп, илимпоз, жүрөк-кан тамырлар боюнча профессорлор тарабынан докладдар окулду.

Мындан тышкары, келген дарыгерлер жарандарды акысыз кароодон өткөрүштү. Жалпы 121 тургунга акысыз медициналык кароо жүргүзүлдү. Конференцияга Бишкек шаарынан келген дарыгерлер катышты.

«Конференциянын жыйынтыгында жалпы дарыгерлер практикалык борборунда жетишпеген дарыгерлер менен камсыз кылуу, жаш дарыгерлерди ишке тартуу жана жашоо шартын жакшыртуу үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып баруу, калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү, медициналык кызматкерлердин квалификациялык билимин жогорулатуу үчүн иш алып баруу жана курстардан өткөрүү, калк арасында тамеки жана спирт ичимдиктеринин, туура эмес тамактануунун, ашыкча салмактуулукту зыяндуулугу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, калктын физикалык активдүүлүгүн жогорулатуу жана сергек жашоого үндөө боюнча резолюциясы кабыл алынды», — деди А.Дүйшөналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE