Пример HTML-страницы

Кара-Балта капчыгайында Зинаиданын жоогазындары гүлдөдү. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКара-Балта капчыгайында Зинаиданын жоогазындары гүлдөгөнүн жергиликтүү тургундар билдирди.

«Тоо боорунда жоогазындар гүлдөптүр. Сары, ак, кызыл түстөгү гүлдөр жазгы шамалда термелип турушат», — деп белгилешти алар.

Биолог Ирина Стежко төмөнкүлөрдү түшүндүрдү:

«Зинаиданын жоогазындары өзгөчө гүлдөр. Алар бүт өмүрүн Борбордук Азиянын флорасын изилдөөгө жана сактоого арнаган советтик биолог жана ботаник Зинаида Бочанцеванын (1907-1973) урматына аталган.

Зинаиданын жоогазындары Кыргызстандагы эң кооз гүлдөрдүн бири. Бул жоогазындар тар эндемикалык түр болуп саналат. Ал Кыргыз кырка тоолорунда гана кездешет. Ошондуктан Кызыл китепке кирген».

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE