Пример HTML-страницы

Балыкчылык Жумагүл айым каттама жасоону өздөштүрүп, киреше алып келүүчү булакка айлантты

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусундагы Балыкчы шаарынын 32 жаштагы тургуну Семетей кызы Жумагүл үйүнөн таттуулардын түрүн жасап, кошумча акча табууда. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен Жумгал районунун Чаек айлында төрөлүп-өскөм. Азыркы тапта Балыкчы шаарында жашайм. Шартка байланыштуу окууну толугу менен бүтүрө алган жокмун. Ал эми ашпозчулукка кичинекей кезимден бери кызыгам. Таттуулардын түрлөрүн жасаганды кайнатамдын карындашынан үйрөнгөм. Тилекке каршы ал каза болуп калган. Аны эскерип, абдан ыраазы болом, мага өз кызындай мамиле кылчу. Ошентип, таттууларды жасаганды өздөштүрүп алгандан кийин туугандарга жана балдарыма жасап берип жүрдүм. Азыркы тапта булочка, «Муравейник» тортун, сочники, чизкейк, вафлинин түрүн даядайм. Учурда ооз ачарга буюртма алып, каттама жасап жатам. Каттаманы 70 сомдон сатам», — деди ал.

Каарманыбыз эсте калган күлкүлүү окуясынан айтып берип, келечекке койгон ой-максаттары менен бөлүштү.

«Күндөрдүн биринде кошуна эже конок чакырып калды. Анын боорсок бышыра турчу абысыны башка жакка кетип калыптыр. Мен ал келгиче боорсоктору бышырып, дасторкон үстүнө койдук. Анан коноктор келгенде, кошуна эже: “тартынбай алып отурсаңар, баарын өзүбүз жасадык” деп, мага боорсок сунуп коёт. Ошол жерден эженин күлкүсү келип, “ушул келин жасады, калпыбыз чыкпадыбы” деп каткырып калды.

Учурда үй кожейкесимин, 4 балам бар. Тапканымды ушул балдарымдын керегине жаратам. Келечекте максатым — чайхана ачып, кыргыздын унутта калган улуттук тамактарын жайылтсам деген ниетим бар», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE