Пример HTML-страницы

Пресс хата 3 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=22142&preview=true Кызыктуу окуялар.

Пресс хата.

 

3-болум

 

Ош базарынын тегерегинде оз кызыкчылыктары бар пенделердин топтору бар. Баатырларды ошол жерден издеп журбойлу? Чонтокчу уруулар тобу бар. Тырмактай курч болоттун учу менен ким бироонун артына келип онтойлуу бир учурду кутуп туруп ээсине билгизбей эптуулук менен чонтогун кесип, акча салган капчыгын алып кеткенге тоодой болбосо да, томолок таштай журоктуулук керек. Сатуучу арттагы бироо менен акыйнек айтышып жаткан мезгилден пайдаланып, анын сатып жаткан жайнаган товарларынан бир-экини илип кетпей жанын жокпу. Баатыр жок, баатыр жок деп кейийбиз, мына булар баатыр эмей эмине?

Кыштын кыраан чилдесинде, чиедей балдарын уйуно бозортуп таштап, не, жетелештирген тейде базарга тургузуп коюп, комуру жоктугунан батирде балдары менен баш калкалаган уйдо денеси жылыбай, анча мынча товарларын уну каргылданча мактап кыйкырып, кез-кез ыкшып жотолуп коюп турган жука пальточон келинди баатыр дээрбиз? Не, анын катарында уятсыз коздорун кулундотуп, эмеле ичкен аракка ичи ысып, откон кеткенди карап, базардан «клиент» издеген жаш сойкуну баатыр дээрбиз?

Кара жумушчулар тобу бар. «Тачка» аталган, торт бурч, донголоктору бар араба сымакка сатуучу комерсанттардын жукторун улам бир жерге ташып, беш- он сом ондургондор. Кабыргасы ката элек тестиери бар, жук уйулгон арабасын туртуп тоочо желген — отуз менен кырктын ортосундагы жигиттер бар. Булар да баатыр, болгондо да каар заманга жаланкат денесин коргозгон жыланач баатырлар.

Бул жерде кепти узак чое ьурган озгочо топ бар. Балдар тобу. Оспурум куракка чейинки тестиер балдар. Каякка карабагын ошолор. Ар туркун товар уйулгон катарларды аралап, базарды баштан аяк кыдырып журушот. Чачтары оскон кабагын ылдый тушуро, эне-атасын анчылар атып кетип, багуусуз, кокту-колотту жорткон болтуруктун козунон кем болбогон карегин «жалт» эттире, эки жакты уурдана, абайлай тиктегеничи! ?. Кош карегине конумуш дуйно: эли кыжыкыйма чон базарды аларман-сатармандары менен бир караганда эле чогоруп алат. Ага ким байкоо салып турат, ким артын салып турганын — карегине илинтуу анчалык кыйын эмес. Дагы ирет контрольный коз карашын аяк-быякка жылт эттире, кароосуз калган буюмду козго илешпеген кыймылы илип ала коет. Калтаарыбайт, антсе шашкалактап жатып, колунан тушуруп алышы ыктымал. Билмексен болуп, сол колтугуна илип алганын сол катардагы сатуучу деле байкады, кара кучко жотолумуш болуп, башка жакты карады. Алса, ала берсин, аныкы беле?

Базарды эртеден кечке аралап, тамандары тушкучо тентиген — тестиер, оспурум балдардын коргон куну ушул. Копчулугу уйунон качып чыккандар. Баш пааналаган жерлери — подвал, чала буткон курулуш. Селсаяк жашоонун даамын татып калган ал -уйуно, ата-энесине кайрылгысы келбейт. Ырас озунон улуурак балдарга тапкан акчасын тарттырып ийип, бир сындырым нансыз, курсагы кулдурап ач калганда, подвалдын бир бурчундагы сыз отпосун деп катуу кагаз тошолгон жерге жатып, опко-опкосуно батпай ыйлаган учуру да болот. Оноктошу бар эле, аны милисалар уурулук кылып жаткан жеринен кармап, алып кетишкен. Бул биринчи жолкусу эмес. Азыркысында чон суммадагы акчаны чонтоктон алып бараткан жеринен колго тушту. Анын тагдыры эмне болот? Бир туугандай болуп калышпады беле?! Тундосу карангы подвал коркунучтуу! Кимдир бироолор ал жаткан бурчка жулунуп киришип оозу мурдун тумчуктура басып калчудай болот. Тан эртерээк атса экен. Кундун чачыраган нурлары айлананы тан шооласына киринтет… Тангак-тангак жукторун жондоруна, копчулугу арабага жуктошкон сатуучулар эртерээк орундарына жетууго ашыгышат…. Тан кандай сонун!..

 

* * *

 

Рысбектин балалык чагы ушундай отту беле? Жок, жок!.. Балалыгын эстесе эле; сакалы жайкалган, откур коздору жулжуйо, биресе, мээримдуу, биресе, кулундогон чон атасы коз алдына тартылат. Эс тартып калганга дейре, колунда осту.

 

 

Небереси Рысбекти колунан жетелеп, адымдай басып, кол тарапты коздой келе берет абышка. Кол шыбырты кулакка илээшкенде гана, тык токтогон чон атасы бир курсунуп алып, чок тушот да, небересин алдына олтургузат. Тирикарак баланын жол ката котортпой, ээрчий тыпындап басып келгенине ичи жылый энтиге дем алган кичинекей кокурогунон бырыштуу, эти качкан салаалары менен эркелете таптап, озуно жакындата, ыгып коет.

— Колду кордунбу балам?

— Ии — башын ийкейт бала.

— Дагы эмнени корубатасын Ырыстай?

— Ики! — он-тетирисинен кетет небереси: — Менин атым Ырыстай эмес, Рысбек…

— Оо, мурдунду урайын!.. Сени Ырыстай деп, эркелетип жатпаймынбы. .. Ии… эмнени корубатасын колдон башка?

-Ммм… — бир топко ун катпай, тоголок башын онго-солго буруп, колдун аяк башына коз жугуртот. Кун батууга жакындап, тарам-тарам кызыл кол ортосуна чагылып, атлас жууркандай кулпурганы тан калтырат. Абайлап караса; кээ мезгилде ойго батып туноруп калчу чон атасынын чекесиндеги кат-кат болгон бырыштардай жыйылат толкундар. Аркы жээкте улбулдогон кырка тоолор. Анын чокуларына оролгон булуттар да чон атасынын сакалына тусполдош ак. Саал-паал кызыл туско чет жакасы боелгону болбосо. Оюнда: атасынын сакалы кызылга боелуп калгандай элестетти. Кытылдап кулду.

— Ии, эмнени коруп кулдун?

— Колду, — эмнеге кулгонун жашырды бала. — Бырыша берет экен, кайра-кайра эле бырышат…

— Толкундарбы?

-Ооба… Толкундар.

-Быйыл ишколго барасын ээ, кулунум?

— Ооба чон ата… Мен санаганды билем. Тамгалардын кобун уйронбодумбу. ..

— Аны ишколго барганда деле уйротот… Андан коро ата тегинди билип ал балам? Ата тегин билбеген — жетеси жок кул деген… Баягы мен айтып бергендерди унуткан жоксунбу? Башынан айтчы? Уруун ким?..

— Катаган, — шыр жооп берет бала.

— Ии… жети атанды сана?..

— Ии… азыр… — карагаттай коздору молтурогон бала мурдун бырыштыра, эрдин кыбыратып, эсине тушурууго аракет кылып жатканы сезилет.

— Унутуп калдынбы?

— Жок. Мына… Абдымалик… Ии-и… анын атасы Акматбай. Бул сенсин, ээ ата?.. Анан… Коной… Торогелди. Сатыбалды. Беккулу. Олжоболот. Анан… ата айтпа, озум табам, ии-и… Акулак! Акулак! Таптым!..

— Оп бали!.. Акылын тунук белем, — алкап койду чон атасы, сакалын уучу менен тутамдап, кайта кое берип жатып. -Унутпай эсине тутуп, кайталап жур?. Муну айтканым:мен карыдым-арыдым. Атан Малик да жашы кузго тайайт. Анан, сенин жашын келет. Менин айтканымды сен балдарына айтасын, укумдан тукумга уланат. Кудая шугур, тектуу жердин тукумунансын. Илгери, бабан Манастын убагында, эр Кошой деген болгон. Бабан ошол — кулунум… Эсине туйуп ал. «Катагандын -хан Кошой» — деп бекеринен айтылган эмес. Кокотойдун ашында, калмактын Жолой деген доосу шымаланып, балбанга тушмок болот. Жоо курош деп коет кыргызда. Сом билектуу балбандар оз элинин атынан морой алмакка, болок элдин балбанына чыгат. Калмактан деп жана айтпадымбы, Жолой деген доо чыгат. Ошол мезгилдин адамдары зор болгон экен го, чиркин!

 

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE