Пример HTML-страницы

Борт коштоочу жумушу менен үй-бүлөнү чогуу алып кеткен Бегайым айына 268 миң сомго чейин табарын айтат

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Бишкек шаарынын 25 жаштагы тургуну Бегайым Иманова. Ал 5 жылдан бери аба майданда борт коштоочу кызматын аркалап, 30дай өлкөнү кыдырганын Turmush басылмасына айтып берди.

«Менин түпкү тегим Ысык-Көл өрөөнү, атам Жети-Өгүз айылынын кулуну, апам Сары-Ой айылынын кызы. Үй-бүлөдө 2 бир тууганбыз, эжем жана мен. Биз бала кезде ата-энем Бишкек шаарында отурукташып калып, борбор калаадагы №19 орто мектебинде билим алдым. “Убакыт — учкан куш” дегендей, кечээ жакында эле мектепти бүтүргөндөй туюла берет. 11-классты аяктагандан кийин Кыргыз-түрк «Манас» университетине тапшырдым. Бир жылдан кийин Кыргыз-орус славян университетинин психология адистигине которулуп, 3 жыл окудум.

Борт коштоочу болуп иштеп калышыма эжем түрткү болгон. Ал кезде эжем Дубайда эмгектенчү. Күндөрдүн биринде борт кошточууга сынак жүрүп жатканын айтып, “өзүңдү сынап, катышып көр” деген сунушун айтты. 2019-жыл болчу, «Air Arabia» кызматы Кыргызстанда жаңыдан түзүлүп, борт коштоочуларды кабыл алып жаткан экен. Натыйжада 120 катышуучунун арасынан бой, салмак жана тил билүү боюнча талаптарга жооп бергендиктен сынактан өттүм. Ошону менен жалпы 12 адам иштеп кеттик да, окуума убактылуу тыныгуу жасап, жумушту тандадым», — деди ал.

Ал жумушундагы аткарган милдеттер жана эсте калган учурлар боюнча кеп кылды.

«Борт коштоочу кызматына жаңы барганда, кесиптештер арасында эң кичүүсү мен элем. Муну менен катар ар кайсы улуттун өкүлдөрү иштешет. Ал жактан турмуштук келечегиме көп тажрыйба топтой алдым. Алгач Бириккен Араб эмирлигинин Шарджа эмиратында жашап жүрдүм. Ааламды кыдырып, жүргүнчүлөрдү коштоп баруу кызматы ары татаал, ары кызыктуу десем болот. Айрым учурда медициналык кызматкердин, официанттын, жыйнап тазалагычтын да милдетин аткарабыз. Өзгөчө улгайган адамдар учак менен жүргөндө, бийиктиктен аба жетпей, эс-учун жоготкон учурлар болот. Мындай кырдаалдарда өзүбүзгө бекем жана ишенимдүү болуп, биринчи жардам көрсөтүүгө даяр турабыз. Ошол эле учурда аба ырайы да бизде чоң роль ойнойт. Борт коштоочу болуп иштеп жүргөнүмө 2 жума болгон эле. Жүргүнчүлөр менен учакта бара жатканбыз, конуу учурунда катуу шамал болуп, 2 жолу жерге конууга аракет кылдык. Анан учак катуу шамалда коно албай, башка шаарга учуп барып конгон элек. Ошондо менде абдан коркуу сезими болгон. Андан бери мындай учур каттала элек», — деди ал.

Бегайымдын айтымында, өмүрлүк жолдошун Дубайдан жолуктурган.

«Дубайда эмгектенген кыргызстандыктар көп. Ар жылы майрам сайын жолугушуп, улуттук иш-чараларды өткөрүп турабыз. Ушундай саамалыктардын биринде, тактап айтканда 31-август күнү өмүрлүк жолдошум менен таанышып калдым. Экөөбүз 3 жыл кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрдүк. Быйыл экөөбүз Кыргызстанга барып, ата-энебиздин батасын алып, баш коштук. Жолдошум Баткен жергесинен болот. Дубайда спорт тармагында машыктыруучу болуп эмгектенет», — деди ал.

Каарманыбыз борт коштоошчу болуп иштеп, айына канча акча тапса болорун айтты.

«Мен «Flydubai » авиакомпаниясына жумуш которгон мезгилден тарта Дубай шаарында жашап келе жатам. Жумуш которуумдун себеби — иш тартибинде бир топ жеңилдиктер бар. Ошондой эле, рейстик командировканы өзүбүз тандап алууга мүмкүнчүлүк болот. Эң негизгиси, үй-бүлө курган кызматкерлерге декреттик өргүүгө чыгууга да болот. Бул авиакомпанияда 1 ай ичинде 10 же 12 жолу рейске чыксак, айлык маянабыз 2-3 миң долларга чейин бааланат. Кыска мөөнөттүн ичинде ата-энеме жардамдашып, өзүмө борбор калаадан батир алууга жетиштим. Мындан сырткары, чет өлкөдөн айдоочулук күбөлүк алып, өзүмдүн жеке унаамды сатып алууга үлгүрдүм.

Борт коштоочу болуп, ашып кетсе 35 жашка чейин иштөөгө болот деп ойлойм. Мындан улам 2 жыл мурун И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, быйыл аяктап жатам. Алдыда маркетинг жана психология боюнча магистратурадан билим алууну көздөп жатам. Анткени мен эл менен баарлашып, мамиле түзгөндү жактырам», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE