Пример HTML-страницы

Караколдун Пристань-Пржевальск аймагындагы тургундар кооптуу көпүрөнү оңдоп берүүнү өтүнүшүүдө

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКаракол шаарынын Пристань-Пржевальск аймагындагы Школьная көчөсүнөн Садовой көчөсүнө өткөн суудагы жөө адамдар өтүүчү көпүрө кооптуу болууда.

Бирок бул көпүрө аркылуу мектеп окуучулары күндө өтүүгө аргасыз болгондуктан жергиликтүү тургундар оңдоп берүүнү суранышууда.

Алардын айтымында, азыр суу аз кезде оңдобосо, кийинчерээк такыр мүмкүн болбой калат.

«Эртең менен мектепке жана бала бакчага барган балдар бул көпүрө үстүнөн өтүүгө аргасыз. Бул көпүрө аркылуу 4 көчөнүн тургундары өтөт. Учурда сынып, кооптуу болуп жатат. Эгер суу кирсе, көпүрөнү каптайт. Балдардан сарсаана болуп жатабыз», — дейт тургундардын бири Бактыгүл Алымбаева.

Муну менен катар тургундар жергиликтүү бийликке бир нече жолу кайрылышканын, алардан иш каралат деген жооп келгени менен жасалбай жатканын кошумчалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE