Пример HTML-страницы

Закир Сансанза салмагы 170 кг чыккан арашан кочкорун эч кимге сатпай багып жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Ата районуна караштуу Ивановка айылынын тургуну Закир Сансанзанын 6 жылдан бери арашан породасындагы койлорду багып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 6 жылдан бери биринчи жолу койлордун көргөзмөсүнө катышып, Хан аттуу 4 тиштүү кочкору 2-орунду ээледи.

«Арашан породасындагы койлор учурда абдан жакшы кирешелүү болуп жатат. Келечекте дүйнөдө эң кымбат жана чоң койдун породасы болот деп ишенем. Койлордун сапатын мындан да жакшыртуу үчүн Кыргызстандагы бардык арашанчылар чоң аракет жасап жатышат. Менин дагы алдыда көптөгөн ой-максаттарым бар», — деди ал.

Фермер көргөзмөгө катышкан Хан аттуу кочкору тууралуу айтып берди.

«Балам «койлордун ханы болсун» деп, Хан коёлу деди. Ошону менен аты Хан болуп калды. Боюу 96 см болсо, салмагы 170,5 кг болду. «Бул кочкоруңду сат» деп сурагандар болду. Мен мунун азырынча баасы жок экенин айтып, сатпай жатам. Себеби мындан жакшы тукумдарды алышыбыз керек», — деди ал.

————————————————————

Кечээ, 1-майда Ысык-Ата районунда арашан породасындагы кой-кочкорлордун республикалык жармаңкеси өткөн. Жармаңкеде асыл тукум койлордун баасы 100 миң сомдон башталып, 5000 долларына чейин сатылган.

Анда 4 тиштүү кочкорлор арасында салмак боюнча 1-орунду Гром аттуу кочкордун ээси жеңип алды. Громдун салмагы 204,5 кг болду. Ээси — Шавкат Тохтиев.

Ушул эле 4 тиш кочкорлор арасында 2-орун Хан аттуу кочкорго берилген. Анын Салмагы 170,5 кг чыккан. Ээси — Закир Сансанза.

Ал эми салмак боюнча абсолюттук мелдеште Алтай аттуу кочкор чемпион болгон. Алтайдын салмагы 202 кг чыккан. Ээси — Шавкат Тохтиев.

Арашан койлордун аймактардагы көргөзмөсү:

Буга чейин 28-апрель күнү Баткен шаарында эт багытындагы куйруктуу койлордун көргөзмөсү өткөн. Ага Казакстан жана Өзбекстандан атайын өкүлдөр чакырылган.

Бул саамалыкта Ош облусунун Араван районунан келген Тургунали Максытовдун арашан породасындагы, 4 жаштагы кочкору 1-орунду алып, кубок жана акчалай сыйлыкка ээ болду. Анын салмагы 189 кг, боюнун узундугу 1 метр 8 см түзөт.

Быйыл 16-январда Аксы районунда уюштурулган асыл тукум койлордун жармаңкесине 145 кг салмактагы арашан породасындагы кочкорду алып келишкен.

2023-жылы Ысык-Көл облусундагы көргөзмөдө Түп районунун Тасма айылынын тургуну Алмаз Дүйшөбаевдин 2 жаш 5 айлык кочкору 180,5 килограммды көрсөтүп, Ысык-Көлдүн эң салмактуу кочкору деп табылган.

2022-жылы Кочкор районундагы көргөзмөдө 1-орунду Ара-Көл айылынын тургуну Каныбек уулу Тимурдун кочкору ээлеген. Анын салмагы 158 кг болгон.

2022-жылы Кемин районунда өткөн арашан породасындагы кой-кочкорлордун көргөзмөсүнө салмагы 190 кг салмактагы Каражорго аттуу кочкор катышкан.

———————————————

Арашан породасы 1970-2021-жылдары Кыргызстанда чыгарылган. Фермерлер 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы кочкорду алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын көбөйтүшкөн. Арашан породасындагы койлор бийик тоолордо жана талааларда багууга ылайыктуу келип, козулары тез чоңоёт. Көлөмү чоң, куйруктуу келип, 7-8 айлык козуларынын салмагы 48-61 кг, бир жаштагысы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 килограммга чейин жетет. Ошондой эле сөөгү жеңил жана катуу келет. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт.

Козуларынын болжолдуу баалары 1000 доллар, ал эми койлору 5000 доллардан жогору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE