Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө 3 айда көк жөтөлдүн 16 учуру катталды

Акыркы жанылыктар

TurmushБыйыл Ысык-Көл облусунда көк жөтөл менен катталгандардын саны көбөйдү. Бул тууралуу Каракол район аралык ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылы көк жөтөл катталган эмес. Ал эми 2024-жылдын 3 айында көк жөтөлдүн 16 учуру катталды. Эмдөө статусу боюнча талдоо жүргүзгөндө 16 бейтаптын ичинен 10 бала эмдөөдөн баш тарткандар экени аныкталды. Бир баланын медициналык көрсөтмөсү бар, калган 5 бала бир жолудан эмдөө алышкан.

«Көк жөтөлдөн комплекстүү вакцина (АКДС, ВГВ, ХИБ) адегенде балага 2 айга толгондо, андан кийин 3,5 айында жана 5 айында, андан кийин 2 жашында жасалат. Бул эмдөөлөр баланы гана эмес, анын айланасындагы адамдарды да коркунучтуу инфекциянын оор жана күтүүсүз кесепеттеринен коргойт. Ошондуктан илдетти алдын алуу үчүн эмдөөдөн өтүү керек», — деп айтылат маалыматта.

Көк жөтөл — дем алуу органдарын жабыркаткан оору. Бул оору кеминде эки жумага созулуп, өзгөчө түнкүсүн жана эртең менен токтобогон жөтөл менен коштолот.

«Көк жөтөл инфекциясы аба аркылуу жугат. Көк жөтөл өзгөчө наристе балдар үчүн кооптуу, себеби алар ооруну тез эле жуктуруп алышат. Оору өтүшүп кетсе, ал башка дагы ооруларды ээричте келет. Адатта көк жөтөлдүн кесепетинен улам бейтап бронхит, пневмония жана плеврит ооруларына да кабылат.

Ооруну алдын алуунун жалгыз өзгөчөлүү ыкмасы — көк жөтөлгө каршы эмдөө, вакцина көк жөтөлгө чалдыгуу тобокелдигин, балдарда бул инфекциянын оор түрлөрүн азайтууга багытталган. Көк жөтөлгө каршы эмдөө КР профилактикалык эмдөөлөр календарына киргизилген.

Өзгөчө манилүү жагдай, ооруган балдардын көбүнүн ата-энеси убагында профилактикалык эмдөөлөрдөн баш тартышкан. Эмдөөдөн баш тарткандар көбөйгөнүнө байланыштуу кызамык, көк жөтөл оорулары көбөйүүдө», — дейт дарыгерлер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE