Пример HTML-страницы

Беловодск айылынын 158 жылдыгы белгиленди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 1-май күнү Чүй облусунун Москва районунда эмгек майрамы жана Беловодск айылынын 158 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Салтанаттуу аземге Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Улан Садалиев, Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы Искендер Өскөмбаев, жергиликтүү кеңештин төрагасы Таалайбек Кулжанов катышып, жергиликтүү тургундарды кош майрамы менен куттукташты.

Балдар эс алуу паркында оюн-зоок кечелерин өткөрүлүп, борбордук аянттагы иш-чарада эстрада жылдыздары жана бийчилер өз өнөрлөрүн тартуулашты. Иш-чара райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алынды.

Беловодск айылы 1866-жылы, ал эми азыркы заманбап чек арасы 1965-жылы түзүлгөн. Алгачкы жылдары айыл Ак-Суу деп аталган. Чүй облусусунун батыш бөлүгүндө жайгашып, түндүгүнөн Казакстан, түштүк батышынан Жайыл, чыгышынан Сокулук райондору менен чектешет.

Беловодск айылы Москва районунун борбору болуп эсептелет жана өздүк гимнге жана гербге ээ. Жыл сайын 1-май күнү айылдын түзүлгөн күнү билгиленип, эмгек майрамы менен чогуу белгиленип келет.

Административдик-аймактык реформадан кийин Биринчи май жана Беловодск айыл аймактары бириктирилип, Нарзан айыл аймагы түзүлгөн. Ар кайсы улуттун өкүлдөрү жашаган бул аймакта 38 миң 397 адам күн кечирип келет.

Анда райондук мамлекеттик администрациясы, райондук прокуратура, сот, ички иштер бөлүмү, суу чарба башкармалыгы, музыкалык мектеп, №28 Кыргыз-Россия кесиптик лицейи, мектеп, бала бакча, райондук жалпы дарыгерлер практикалык борбору, мекеме-уюмдары, «Ярмарка» жана «Айдар» базарлары, көп кабаттуу үйлөр жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE