Пример HTML-страницы

Руслан Есенгулов Чолпон-Ата шаарынын вице-мэри болуп дайындалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЕсенгулов Руслан Урустанбекович Чолпон-Ата шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Тиешелү жарлыкка калаа башчысы кол койду.

Бүгүн, 29-апрелде Руслан Есенгулов жамаатка тааныштырылды.

Есенгулов Руслан Урустанбекович 1986-жылы 31-июлда Ысык-Көл районунун Тамчы айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 1 уул жана 3 кыздын атасы.

— 2004-2009-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде экономист кесиби боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

— 2012-2017-жылдары Тамчы айыл аймагынын Кош-Көл айылынын башчысы;

— 2017-2021-жылдары Тамчы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы;

— 2021-2022-жылдары Ысык-Кѳл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары;

-2023-жылдан тарта Ысык-Көл районундагы Кум-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE