Пример HTML-страницы

Кан жыттанган бакыт 5 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=15021&preview=true Кызыктуу окуялар.

«КАН ЖЫТТАНГАН БАКЫТ». 5-БОЛУК

 

 

Бул учурда эч нерседен кабарсыз Али Баратовтун айтканы менен Бекжан Акимовичтин жолугушуусуна даярдык коруп жургон эле. 4 жигит менен шаардан чыккандан кийин тоо боорунда жайгашкан дачада орун алган Бекжан менен тиги Казахстандык чиновниктин жолугушуусун кузотушту. Арадан 4 саат отуп алгач тиги чиновник баштаган, 3 машина короодон чыгып кетти. Андан сон жарым сааттай убакыт отуп Бекжан 2 жигит менен бир машинада кетишти. Артыларынан эки машина болуп болунуп Али 4 жигити менен тушту. Бир кыйла жол жургондон сон ээн жолго жеткенде бир машина менен алдын тороп токтотуп экинчи машина арттан келип сокку берди да, шамдагайлык менен тушкон жигиттер Бекжандын бир жан сакчысына ок узуп жарадар кылышты. Эмне болуп кеткенине тушунбой турган экинчи жан сакчыны арка тарабынан келип башка чаап жыгыта коюшту. Дагы бир жигит машинага кирди да Бекжандын колундагы чакан дипломатты тартып алды. Кол салгандардын баары баштарын чумкоп маскада экен. Бекжан башы ойдо кылаарда арасынан бироо беткап жок жургонун байкады, жигиттерге буйрук берип жаткан ал машинанын ичин бир карап откондо даана жузу корунду. Ооба жазбай тааныды, бул Султаналы Борубаевичтин айдоочусу да. Кандай ылдамдыкта пайда болушса ошондой бат кайра кетип калышты. Жигиттери оор жаракат алып озу машинаны айдап бараткан Бекжан болуп откон бул шумдуктуу окуяны тушуно албай жатты. Султаналы озуно каршы иш кылуусу тушуно да кирген эмес эле, оз бир тууганына ишенгендей ишенчу эмес беле? Биро тигини так, даана корбодубу Султаналынын айдоочусу экенин. Ролду кармаган колдору калчылдап баратты.

Али атайы жузун ачык корсоткон болчу. Бекжанды Султаналы менен кайраштыруу максатында. Андан алган акчаны катты да, жанагы чек арада колго тушкон баланы, ага кошуп алышкан бир дипломат акчаны алып Султаналынын жеке жолугушуулары отчу жайга жоноп кетти. Бир сааттан сон колу артка байланып, столдо бети башы канга боелгон жигит Султаналынын алдында олтурду.

-Демек, сен экенсин да артымдан суу куюп, мени саткан.

Султаналы жигитти дагы чаап алды.

Эки кундон бери ур-токмокко алынып, азаптын турун коргон жигит суйлоого чамасы келбей аран дем алып турду.

-Шеф, муну Бекжандын артына тушуп анан таптык.

Али сыр бербей колундагы дипломатты столдун устуно койду. Ичин ачып акчалары баары жайында экенине козу жеткен Султаналы кайра жаап койду да бери бурулуп тиги байланып олтурган жигитке суйлоду.

-Ит, мен силерге ишенип журсо ушулбу ыя кылганынар? Айт дагы ким бар менин койнума кирип сатып жургон.

Эжгин которуп озуно каратты да коздоруно тигилди. Токмоктон ишип, когоруп кеткен коздорун ачып кароого чамасы келбейт эле.

-Акмак?!

Султаналы акчаны алып чыгып баратканда артынан Али кыйкырды:

-Шеф, муну эмне кылабыз?

-Саткындарга кечирим жок!

Бурк эте кункулдогон Султаналы чыгып кетти.

 

 

***

Кабинетте олтурган Султаналыга Бекжан жигиттери менен бастырып кирип келишти.

Уштнтип кирип келерин куткондуктон Султаналы ордунан козголгон да жок.

-Бул жоругунузду кандай тушунсо болот?

Озун аран кармап суйлоду Бекжан.

-Бекжан Акимович, сенин кылганына жооп бул!

-Ошондо жоголгон акчанды мени алды дегени турасынбы?

Султаналынын озуно кол салып, акчасын тоноп, життерин жарадар кылып анан кебелбей мынтип олтурганы Бекжандын ого бетер кыжырын келтирди.

Султаналы орудунан туруп Бекжанга мандай келди. Экоо тен бир убакта куралдарын алып чыга бири-биринин мандайына такап турушту. Артта Бекжандын да, Султаналынын да жигиттери куралдарын сууруп чыгышты. Болмонун ичин тынчтык ээлеп, ушул азыр кай тараптан ок атылса, же тырык эткен ун чыга калса атып жиберчудой баары даярданып, Бекжан менен Султаналыны карап турушту.

Абалдын курчуп баратканын тушунгон Султаналы куралын тушурду да, жигиттерине да тушургуло дегендей ишаарат берди. Бекжан да куралын салып, бирок али таркай элек ачуусун жашыра албай:

-Мен сени жок кылам! — деди.

-Иничек, мени жок кылчу сен эмес. Жолун менен бол, — деди Борубаевич.

-Жок кыла алам, мен бийликтеги адаммын. Сенин толгон мыйзамсыз иштеринди ачып бере аларымды билесин да?

-Аны алдыда коробуз!

Кекетип коркутката суйлонгон Бекжан жигиттери менен чыгып кетишти. Султанлы турган ордунда кыйкырды.

-Алини тапкыла бат?!

Чын эле коркуп турду, Бекжан кантсе да мыйзамда иштеген адам, Султаналыны каралайм деп астейдил киришсе бир иши учун эле коп жылга кестирип сала алат. Турмого киргизгени аз келгенсип, ошол жактан баш кесер жалдап жайлап деле коет. Султаналы журогу болк этип кетти. Ушунча жылдагы авторитети, байлыгы бир кундо жок болуп, озу темир тор артына кетерин ойлогондо аалам тарып эч жерге батпай кетти. Арадан 2 саат отпой Али кирип келди. Султаналы бир орунга тура албай болмонун ичинде ары бери басып жургон.

-Шеф…

-Али, Бекжанды жок кылуу керек. Болбосо ал менин тубумо жетет.

Коркуп турганы кубарган жузунон, титиреген анан ишенимсиз чыккан унунон билинип турду.

-Кандай тапшырма бересиз?

-Козун тазала, мумкун болушунча бул ишти билгизбей бутургуло. Жол кырсыгы дейби же башка болобу уюштургула. Акына сураганынды берем.

-Шеф, ал сиздин… деп келе жаткан Алиге карады.

-Али, мен ага ишенип чон жанылыштык кетириптирмин.

Султаналы ойлоно калды. Ушкл учурда ал Баратовтун торуна тушконун байкабай кайра ошол торго улам чырмалып бараткан.

-Тушундум шеф.

Али сыртка чыгып эле Баратовго чалып шашылыш жолугуу керектигин айтты.

Айланага куугум тушуп калганда, дайымкы жолукчу шаар четиндеги ресторанга кирип озунчо болмого отушту.

-Султаналы Бекжанды жок кылууга тапшырма берди, — деди Али.

-Мммдаа. Эми кандай кыласын?

Баратов Алини сынай карап турду.

-Сиз менен кенешкени келдим.

-Али, келинчегинди тартып алган. Сени абакта жылдар бою кармап, бут тоскон адамга ырайым кылганы жатасынбы?

-Байке. Нурпери менен бир жолу жолугуп суйлошуу керек.

Баратов жакын келип Алинин коздоруно карады:

-Даа иничек. Сен бул чойродон четтей тушупсун. Болбосо буйрук берилгенде аткарып очунду алып алсан болмок.

-Балким, Нурпери экоо бири-бирин суйоттур? Анын бактылуу болгусу келгендир? Омур бою турмого кесилген мени кутуп олтурбайт да. Болгону балам…

Баратов азыр Алиге кызы жонундо айтууну туура корду.

-Али, сенин кызын тируу.

-Эмне?! Кызым?! Менин кызымбы?

Уккан кулагына ишене албай турду.

-Чын элеби? Азыр кайда? Балдар уйундобу э? — деп жиберди шашып.

-Али олтурчу, жай суйлошобуз. Сен ойлогондой женил иш эмес. Али азыр кыздын ата-энеси бар, башка.

-Кайсы ата-эне? Кандай башка? Ал менин кызым да.

-Ооба сенин кызын, бирок…

Мукактана тушту Баратов, кандай айтсам экен деп. Азыр айта салса эле кудум азыр Али барып кызын талашып ала тургандай сезилип кетти.

-Кимдин колунда экенин билесинби? Али бул сенин тушуно да кирбейт.

-Ким экени маанилуу эмес, ал менин кызым!

-Султаналы Борубаевич. ..

Али ордунан тура тенселе тушуп кайра олтурду.

-Ханайым! — деди шыбырап.

-Ооба так ошол кыз.

Али кызды эстеди. Анын жузундогу уячаларын ушул кезге чейин кайдан коргонун эми тушунду. Нурпери. Ханайым Нурпериге окшош болчу. Корсо журогу сезген экен да. Ошон учун ал кызга озгочо тартылуу болуп, сагынып кызды коргусу келе берчу экен.

-Кандайча ал кишинин колуна тушуп калды?

Али дагы эле озуно келбегендей акырын сурады.

-Нурпери торогондо кыздан баш тарткан экен. Ошол куну Султаналы Борубаевичтин аялы коз жарып баласы олуу торолгон, аны дарыгер менен Султаналы алмаштырып коюшкан. Али бул сырды жада калса Султаналынын аялы Жибек да билбейт.

-Демек баладан баш тарткан…

Али кудум азыр башка жакта жургондой шалдырап, башы ысып, эмне ойлоп, эмне суйлоорун да билбей турду. Оюнда бир гана Ханайым. Азыр эле жетип баргысы келип, бирок буттары тушала ордунан такыр козголо албай жатты. Азыр асманга учуп бараткандай денеси женил боло тушту. Коз алдына Ханайымдын озун кучактап эркелегини, кошо сурот тарткандары тартыла элестеп жатты. Кайра Нурпери экоо кошо жашаган кундор тартылып, келинчегинин курсагын сылап жаткандарын корду. Анан эле элес-булас, Нурперинин сот залында ыйлаганы корунуп, Али ордунан бир аз басып эле кайра жерге кулап тушу.

Баратов Алини суйоп сыртка алып чыгып машинасына салды да озунун шаардагы батирине алып кетти.

 

 

Бекжан шашыла иш болмосуно кирип шкафтарды тарактата кандайдыр бир нерсени издеп жаткандай бардыкты ыргыта чачып жатты. Заматта болмонун ичи кымгуут тушо тозу чыгып кетти. Акыры издеген папкасын таап ичиндеги кагаздарга бир сыйра коз жугурто, кайра салды да катчы кызга кыйкырды:

-Азиииза?!

Чуркап кирип келген кыз эшик оозунда туруп калды.

-Бекжан Акимович…

-Болмону иретке келтиргиле бат…

Кызды турто шашыла чыгып кетти.

Бекжан уйуно келгенде Нурпери балдары менен ашкана тарапта журушкон. Машинанын киргенин коро коюп алдынан утурлай тосуп чыкты.

-Бугун эрте келгенсин го?

-Нурпери балдарды даярда, дачага кетесинер.

-Эмне болду?

Нурпери биринчи жолу куйоосунун мындай абалын коруп турду.

-Кайдан чыкты дача, балдардын окуусу али буто элек да?

Туз эле оз болмосуно бараткан Бекжандын артынан ээрчип суйлоп жатты.

-Бекжан? Айтсан жумушунда маселе чыктыбы?

Артынан келе жаткан аялына жетип барды да ийинен кармап козуно карады.

-Нурпери мен эч качан жумушту уйго аралаштырбагам, азыр ашыкча суроо бербе. Балдарды алып дачага айылга кетесинер. Мен озум кабар берип чакыртамын. Канча болоорунар белгисиз. Балдардын, озундун документин, бир аз кийим алгыла. Калганын жеткирип беришет жигиттер.

-Бекжаан? Деги тушундурчу?

Нурпери коркуп кетип ыйлап жиберди. Журогу адаттан башкача согуп, алдыда кандайдыр бир коркунучтан кабар берип тургандай. Ооба мындан коп жылдар мурун Алмаз акыркы сапарга кетерде да ушинтип тупойул тартып туруп албады беле? Аны кое бергиси келбей ушинтип кыйылып барып узаткан. Азыр да ошондой жагымсыз сезим аралап отуп денеси муздай тушту. Коздорунон жаштары тамчылап уну буула куйоосунун жузуно колун койду.

-Айтчы эмне болду?

Бекжан аялын бооруна катуу кыса кучактап алды. Чачтарынан копко жыттап, кое бергиси келбей жатты. Ушул бойдон Нурперини кайра корбочудой болуп, улам бекем бооруна кысып, колдорун билинбес майда калтырак басып турду.

-Соз берем, баары жакшы болот… деди шыбырап.

-Батыраак даярдангыла.

Нурпери абалдын олуттуу экенин эми тушунгон сыяктуу. Жугуруп экинчи кабатка которулуп, балдарынын, озунун документ, бир сыйра кийимдерин чакан сумкага салып бат эле тушо калды. Биринчи кабатта Бекжан балдар менен коштошуп жаткан экен.

-Жылдызым. Менин ханыша кызым…

Кызын колуна алып которду.

-Апана жардам бергин э кызым?

-Ата сен качан барасын?

-Артынардан бат эле барып каламын.

Жылдыз атасынын мойнунан катуу кучактап алды. Бекжан буулуга, козуно тегеренген жашты корсотпогонго аракет кылып жузун кызынын чачтарына катып шуулдата жыттап алды.

-Периштем менин…

Кызын жерге тушуруп, уулу Аргендин алдына келип тизелеп олтурду.

-Кана менин баатырым, кыздарды сага ишенейинби?

Атасынын жумуштагы баш кийимин кыйшайтып кие колун чекесине кое калды да:

-Айтканыныздай болот!-деди кулундоп.

Коздору кудум апасындай кулмундоп турат. Жымындап турган уулун бооруна кысты.

-Баатырым, жолборсум менин. Апан менен эженди ыйлатпай карагын ээ уулум?

-Атаке сен баргыча озум кооруп караймын!

-Азаматсын уулум! Сага ишенем го балам.

Кана эми машинага чыгып тургула.

Балдары жетелеше чуркап кетишти. Алар али таза, бала дилинде бул коштошууну катардагы конумуш адаттай корушуп этибар алышпады. Балдарын карап атасынын ичи тилинип, сыйрылып жатканын, ушул боюнча корбой калуусу мумкун экенин ойлогондо муштумдай журогу атып чыкчудай согуп жулкунуп алды. Ушул бойдон баарын токтотуп алгысы келди, озу кошулуп кеткиси келип турду. Алыс жактарга. Бирок андай кылууга болбойт да. Оз жанынан да балдардын жаны кымбат эмеспи? Озуно кошуп буларды да коркунучка кое албайт. Буларга озунун зыяны тийип калбоо учун ушулардын коопсуз жашоосу учун баарын жасайт. Керек болсо жанын да берет. Аларды артынан узата жылмайып карап турган куйоосунун желкесине Нурпери акырын колун койгондо селт эте тушту.

-Бекжан, балким мен жанында калсам кантет?

Жалооруп, озун чын журоктон аяп карап турган аялына элжиреп кетти.

 

 

 

Уландысы бар :

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE