Пример HTML-страницы

Ошто 21 жаштагы келин дайынсыз жоголду

Акыркы жанылыктар

Turmush21 жаштагы Албина Жаңыбай кызы изделип жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 13-апрелинде Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Өзгөн районунун 54 жаштагы Б.З. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2024-жылдын 4-апрелинде саат 19:00 чамасында келини — 2002-жылдын 22-июлунда төрөлгөн Жаңыбай кызы Албина үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн маалымат электрондук журналына катталып, издөө иштери башталган.

Кийген кийимдери: үстүндө көк-ала түстөгү спорттук кийим, гүлдөрү бар сары түстөгү узун көйнөк, кызыл түстөгү бут кийим, башында ак түстөгү жоолук (хиджаб).

Өзгөчө белгилери: боюнун узундугу 150-152 см, арык, ак жүздүү, кашы-көзү кара, чачы кара түстө, узундугу 50-55 см.

Албина Жаңыбай кызы тууралуу маалыматы бар жарандар 03233 5-06-36, 0550 33 43 23, 0777 11 63 93, 0553 11 63 93 телефон номурлары аркылуу билдирсе болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE