Пример HTML-страницы

Таласта депутат Б.Чойбековдун тарапташтары кайрылуу жасашты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 16-апрель күнү Талас-АКИпрессте көчмө маалымат жыйын өттү. Ага депутат Бакытбек Чойбековдун тарапташтары катышты.

Алар Бактыбек Чойбековду депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча биринчи жана экинчи инстанциядагы соттун чыгарган чечимдерине нааразылык билдирип, Жогорку соттон адилеттүүлүк күтүп жатышканын айтышты. Ага катар эле президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жолдогон кайрылууларында 10 миңден ашуун шайлоочулардын добушуна ээ болгон Б.Чойбековду дээрлик 3 жылдан кийин мандаттан ажыратуу аракети мыйзамга, адеп-ахлакка да туура эмес болорун, Жогорку сот буга бөгөт коюшу зарыл экенин белгилешти.

Маалымат жыйындын катышуучулары буга катар эле жер-жерлерде Б.К.Чойбековду колдоо комитеттери түзүлүп жаткандыгын билдиришти.

———————————————————-

Буга чейин Бишкек шаардык соту 9-апрелде депутат Бактыбек Чойбековдун административдик соттун чечимине каршы арызын карап, аны канааттандыруусуз калтырган.

Себеби Бишкек шаарынын административдик соту Эмилбек Абдыкадыровдун Талас округунан Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбековдун шайлоодогу жыйынтыгын жараксыз деп табуу боюнча арызын канааттандырган.

Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Абдыкадыровдун өкүлүнүн арызын канааттандырган эмес. Эмилбек Абдыкадыровдун өкүлү депутат Чойбеков шайлоо учурунда добуш сатып алганын маалымдаган.

«Жакында эле биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун өкүмдөрүнүн көчүрмөлөрүн алдык. Калмурзаев менен Нурланов арыздануучу Керимбековага Чойбеков үчүн добуш берүүсү үчүн 4000 сом беришкен», — деп билдирген жактоочу.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова соттун чечиминде арыздануучу тергөөнүн жүрүшүндө көрсөтмөсүнөн баш тартканы көрсөтүлгөнүн белгилеген. Абдыкадыровдун өкүлү прокуратурага арыз менен кайрылышканын, ал жактан кылмыш иши кайра ачылганын айтышканын кабарлаган.

  • Чойбеков учурда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты (№21 Талас бир мандаттуу округу, «Элдик» депутаттык тобу).

Э.Абдыкадыров 2023-жылдын 10-ноябрынан 2024-жылдын 14-февралына чейин президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү кызматын аркалаган. Ага чейин Бишкек шаарынын мэри кызматын ээлеген. 2021-жылы Абдыкадыров Талас округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE