Пример HTML-страницы

Чүйдүн командасы байгелүү орун алды

Акыркы жанылыктар

TurmushКёрлинг боюнча Кыргызстандын чемпионатында Чүй облусунун командасы 3-орунду ээледи. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 30-мартында Бишкек шаарында кёрлинг боюнча Кыргызстандын алгачкы чемпионаты өттү. Биринчилик үчүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын командалары ат салышты.

Жыйынтыгында Нарындын командасын утуп алган Ысык-Көл облусунун командасы кёрлинг боюнча Кыргызстандын алгачкы чемпиону болду. 2-орунду Ысык-Көлдүн, 3-орунду Чүйдүн командасы алды.

Жеңүүчү командаларга кубок, чемпиондук медаль жана белектеп тапшырылды.

Кёрлинг — муз аянтчасындагы команда менен ойнолуучу спорттун бир түрү. Эки команда музга атайын ылайыкташтырылган оор шайманды «үйгө» чогултуп, упай топтошот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE