Пример HTML-страницы

Маркумдун апасы соттук отурум тууралуу айтып берди

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районунда каза болгон 18 жаштагы Үмүт Турдукееванын өлүмү боюнча соттук териштирүү создуктурулуп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына маркумдун апасы Айнура Турдукеева билдирди.

Анын айтымында, иш Ак-Суу райондук сотунда каралууда. Сот отуруму 3 жолу жылдырылды.

«Биздин соттук ишке төрагалык кылуучу сот Т.Токтосунов үч жолу отурумду жылдырды. Биринчи соттук отурум 7-мартта болгон. Анда шектүүлөрдүн биринин жактоочусу иш менен тааныша электигин айтты. Экинчи соттук отурум 27-мартта болгон. Анда экинчи дарыгердин жактоочусу иш менен тааныш эмес экенин айтты. Бул кандай? Иш менен таанышууга бардык тараптарга кат кетет да. Кечээ, 16-апрелде үчүнчү соттук отурум болду. Анда экспертизанын корутундусун бириктирип жазып келсин деп жылды. Ишти создуктуруп жатасыңар десек, Ак-Сууда эки эле сот иштеп жатканын айтышты. Бизди каалагандай эле калчап жатышат. Сот ачык-айкын болушу үчүн журналисттерге соттук отурумду чагылдырууга уруксат берсин», — деди Турдукеева.

Ал эми Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, аталган иш 2024-жылдын 20-фералында Ак-Суу райондук сотуна келип түшкөн.

Буга чейин Turmush басылмасы жаш кыздын өлүмү боюнча Ак-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 3 дарыгери кармалганын жазган.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2023-жылдын июль айында Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Теплоключенка айылынын тургуну Ак-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлерине карата чара көрүп берүүлөрүн өтүнгөн.

Ал өз арызында 2023-жылдын 25-июлунда 18 жаштагы кызынын ичи катуу ооруп жатканынан улам райондук ооруканага алып келгенин билдирген. Бирок дарыгерлер бейтапты ооруканага жаткырбай, дары жазып берүү менен чектелишкен. 28-июлда кызынын ден соолугу начарлап, аны тез жардам кызматы менен алып кетишкен.

Аталган арыз Ак-Суу РИИБ тарабынан КБРге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин (медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) негизинде кылмыш иш козголгон.

Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн сотко чейинки тергөө иштеринин жүрүшүндө 25-июль күнү Теплоключенка айылынын 51 жаштагы тургуну И.А. 18 жаштагы кызы Т.У.нун ичи катуу ооруп, тез-тез кусуп жатканынан улам Ак-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна алып келгени такталган. Ошол күнү аны текшерген педиатр Т.К. бейтап менен маектешип, 1 күн мурун конокко барып, ачуу салат жегенин билген. Үйгө кайтып келгенде ал өзүн жаман сезип, кусуп, ичи өткөн. Педиатр дары жазып берип, бейтапты үйүнө жөнөткөн.

Кийинки күнү оорусу басылбагандыктан кайрадан Ак-Суу райондук дарыгерлердин практикалык борборуна кайрылып, нөөмөттөгү анестезиолог-реаниматолог дарыгер О.М. караган. Дарыгер кызды текшергенден кийин дары жазып берип, үйүнө жөнөткөн.

28-июлда оорусу басылбай, кайрадан Ак-Суу райондук дарыгерлердин практикалык борборуна кайрылып, жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгер ординатору Э.Г. карап, аталган бөлүмгө жаткырган.

29-июлда кыздын оорусу күчөп, эс-учун жоготкон. Буга байланыштуу бейтап Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө которулган. Ал эми 31-июлда бейтап Улуттук госпиталга жеткирилип, 5-сентябрда каза болуп калган.

Соттук-медициналык экспертиза өлүмгө тамак-аштан уулануу себеп болгонун аныктаган.

Дарыгерлердин иш-аракетине юридикалык баа берүү үчүн комплекстүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ал Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык соттук-медициналык борбордо өткөрүлгөн.

Комплекстик соттук-медициналык экспертизанын кортундусу боюнча, 2024-жылдын 7-февралында Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан педиатр дарыгер Т.К., анестезиолог-реаниматолог О.М. жана ординатор дарыгер Э.Г. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине (кармоонун негиздери) жана 97-беренесине (шектүүнү кармоонун тартиби) ылайык Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында киргизилген.

Ак-Суу райондук сотунун чечими менен алардын баш коргоо чарасы тандалып, тергөө убагында үй камагына алынган.

Теплоключенка айылынын тургуну Абай Исмаилов Ак-Суу райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун дарыгерлеринин кайдыгерлигинен улам 18 жаштагы кызы каза тапканын Turmush басылмасына билдирген.

Кызынан айрылган ата-эне 3 дарыгерге коюлуп жаткан айыпка жана соттун үй камагына чыгаруу чечимине нааразы болгон.

«Былтыр 5-сентябрда кызыбыз Үмүт Турдукеева Бишкек шаарындагы Республикалык улуттук госпиталга жеткирилип, каза тапкан. Мунун баары тамак-аштан уулангандыктан башталды. Ак-Суу райондук ооруканасына 3 күн катары менен алып барсак, жаткырбай үйгө жөнөтүп коюшту.

Оорусу күчөп кеткенден кийин жугуштуу оорулар бөлүмүнө, анан жандандыруу бөлүмүнө жаткырып, 3 күндөн кийин Караколго облустук ооруканага келип, комага түшүп калды. Кан басымы түшүп кеткендиктен Бишкек шаарына алып барганбыз. Ал жактан дарыгерлер бардык аракеттерди көргөнү менен каза болуп калды», — деген Исмаилов.

Үмүт Каракол шаарындагы медициналык окууга жайга тапшырган.

«Кызымдын «дарыгер болом» деген чоӊ тилеги бар эле. Ал медициналык окуу жайга тапшырып өткөн. “Жакшы окуйм, дарыгер болом” дечү. Үй-бүлөдө 4 кыздын экинчиси. Учурунда дарыгерлер тамчылатма (капельница) коюп, жакшы карап коюшса мындай болбойт эле. Кызыбыз аябай кыйналды. 36 күн оору менен күрөштү. Азыр Б.Б. интернетке “кызынын бөйрөгү ооруп, кытай ашканасынан тамактанган” деп кесиптештерин колдоп жазып жатат. Мунун баары жалган. Кызым окуу жайга тапшырууда медициналык кароодон өткөн. Организми күчтүү болгондуктан 36 күн жашап жатат», — деген маркумдун апасы Айнура Турдукеева.

Кызын жоготкон ата-эне дарыгерлерге жеӊил жаза коюлуп, үй камагына чыгарылышына нааразы болгон.

«Мен бардык жакка кайрылгам, экспертизанын жана атайын түзүлгөн комиссиянын корутундусунда да дарыгерлердин күнөөсү көрсөтүлгөн. Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин (медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) негизинде кылмыш иши козголуп жатат. “Ишине кайдыгер” деген беренени да кошушсун. Тергөө учурунда дарыгерлер жумуштан четтетилген жок. Үй камагына чыгарып жатат. Ошондуктан президент Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиевге кайрылам, көзөмөлгө алып бериӊиздер», — деген Абай Исмаилов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE