Пример HTML-страницы

75 жаштагы Пазилат Бакирова мыкаачылык менен өлтүрүлүп, жер төлөгө ташталган. Сот жаңы чечим чыгарды

Акыркы жанылыктар

TurmushНоокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагына караштуу Ак-Булак айылынын 75 жаштагы тургуну Пазилат Бакированын өлүмү боюнча экинчи истанциядагы сот чечим чыгарды.

Маркумдун уулу Кадырали Бакиров Turmush басылмасына билдиргендей, кылмыш иш боюнча отурум кечээ, 16-апрелде Ош облустук сотунда каралып, Ноокат райондук сотунун чечими күчүндө калтырылды.

«Мен облустук соттун өкүмүнө макул эмесмин. Апамды мыкаачылык менен өлтүргөн айыпталуучу 13 жылга эркинен ажыратылды. Жогорку сотко кайрылам», — деди ал.

Кийинчерээк Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, Ош облустук сотунун соттук коллегиясынын 2024-жылдын 16-апрелиндеги өкүмү менен Ноокат райондук сотунун 2023-жылдын 11-декабрындагы Ш.Т.А. жөнүндөгү өкүмү өзгөртүлгөн.

Ш.Т.А. Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (маркумдун сөөгүн жана мүрзөнү мазактоо) менен күнөөлү деп табылып, 50 000 айып салынуусу белгиленген.

Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) менен 13 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Апелляциялык сунуш канааттарылды. Апелляциялык даттануу жарым-жартылай канааттандырылган.

—————————————————

Буга чейин Кадырали Бакиров Turmush басылмасына 2023-жылдын 11-декабрында Ноокат райондук сотунда айыпталуучунун иши каралып, ал 13 жылга эркиндигенен ажыратылганын билдирген. Ошондой эле айыпталуучудан материалдык зыян катары 70 миң сом өндүрүү чечимин чыккан.

Кадырали Бакиров бул чечимге нааразы экенин айтып, апелляциялык тартипте Ош облустук сотуна кайрылган.

«Биз өмүр бою кесилсин деп турсак, прокурор 15 жыл гана сурап койду. Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 367-беренеси (кылмышты жаап-жашыруу) алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 7-пункту (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) 5-пунктка (бейбаштык максатта адам өлтүрүү) алмаштырылыптыр. Ал адам апамды уруп, эски үйгө ыргытып, өзү жыгылгандай таасир калтыруу үчүн кайра жер төлөгө сүйрөп барып, от жагып коюп, үйүнө барып отуруп алып жатпайбы», — деген Бакиров.

Анын айтымында, апасынын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн дайындалган экспертизанын жыйынтыгында ур-токмоктон каза болгону аныкталган.

«Биологиялык эксперт айыпталуучунун кийиминен апамдын каны табылганын ырастаган», — деген ал.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, окуя тууралуу 26-апрелде саат 18:30 чамасында өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ноокат РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабарланган. Аталган маалымат Ноокат РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге РИИБдин жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу барып, кароо жүргүзгөн.

Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө өрт чыккан үйдүн жер төлөсүнөн табылган өздүгү аныктала элек жаран Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылынын тургуну Б.Б. экени (аял киши), ал киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.

Топтолгон материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пунктунда (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы бар болгондуктан кылмыш иши козголгон.

Ноокат РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүү катары Ноокат районунун 57 жаштагы тургуну Т.Ш. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Маркумдун айылдаштарынын айтымында, бул кылмышка ошол эле айылдын тургуну барган. Ошол күнү кылмышка шектүү жаран үйүндө курулуш ишин жүргүзүп жаткан. Маркум шектүүнүн эч ким жашабаган кошунасынын үйүнөн кирпич алып жатканын көрүп калгандыктан экөө уруша кеткен.

Буга чейин Кадырали Бакиров Turmush басылмасына окуя тууралуу айтып берген.

«Мен өзүм көп жылдан бери Казакстанда мигрант болуп иштейм. Орозодо апамдын жанында болуп, аны дарылаткам. Апам чыйрак аял болчу. Өмүр бою тамеки талаада иштеп, бизди чоңойтту. Мен Орозо айтты өткөрүп эле Казакстанга иштегени кеткем. Казакстанга жеткениме 1,5 күн болгондо, апамдын каза болгонун угуп, кайра келдим. Мен кетерден 1 күн мурун шектүү кошунам менен учурашкам. Анда ал менин качан кетеримди сураган. Мен «эртең кетем» деп айткам. Көрсө ал менин кетеримен пайдаланып, ушул ишке барган. Ошол кошунабыздын үйүнүн жанында менин чоң атамдын үйү бар. Ал үй азыр бош турат, эч ким жашабайт. Ал күнү апам ошол үйдөн кабар алганы барганда, кошунабыз дарактарды бутап жаткан болот. Апам көрүп калып, ортодо пикир келишпестик болуп кеткен. Апамды өлтүрүп алып, эмне кыларын билбей калган. Үйдүн короосунан көтөрүп, бош турган үйдүн жер төлөөсүнө алып кирген. Ошол жерде балта менен апамдын башына, кара куш мээ тарабына 3-4 жолу чапкан. Натыйжада апамдын мээси куюлуп, капкагы ачылып кеткен. Кийин жок кылуу максатында өрттөп салган. Өрт каттуу деле тутуна электе, шектүүнүн аялы өрт өчүрүү кызматын чакырган. Кызматкерлер өрттү өчүрүп жатып, жансыз денени көрүшкөн. Апамдын бою кичинекей болгон. Эч ким менен деле урушчу эмес. Шектүү жаран эч нерсени билбеген адам болуп, кошо издешкен. Бирок милиция кызматкерлери барып, шектүүнү аныктап, ошол жерден алып кетишкен. Алгач шектүү: «Бир түртсөм, жылуулук түтүкчөсүн сүзүп алды» деп көрсөтмө берген. Логикалык жактан алып караганда деле бир түрткөндөн адам өлмөк эмес. Ишенсеңиздер, апамдын өрттөлгөн денеси гүлдөй болуп ачылып калган. Териси күйүп, эти да күйүп ачылып калган. Мен мындай мыкаачылыкты буга чейин уккан да эмесмин.

Шектүү Ооган окуясынын катышуучусу, психикалык жактан жабыркайт деп Жалал-Абад облусундагы психикалык ооруканага жөнөткөнү жатышат. Менде бүт психикалык оорукананын корутундулары турат. Ал эч кандай психикалык жактан жабыркабайт. Буга чейин ички иштер органдарында кызмат өтөп, пенсияга да чыккан», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE