Пример HTML-страницы

Жалал-Абад милициясы жыл башынан бери аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 15-апрелде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында 2024-жылдын 1-чейрек ичинде аткарылган ишмердүүлүктүн жыйынтыгы каралган ыкчам кеӊешме өттү.

Кеӊешмеге Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов, орун басарлары, бөлүм, кызматтарынын башчылары жана ШИИБ, РИИБдин жетекчилери катышты.

Коюлган негизги беш маселени кароодо бөлүм, кызмат жана ШИИБ жана РИИБдин башчылары доклад берип, аткарылган иштер, жетишкендиктер белгиленип, ошону менен катар бир топ кемчиликтерге да токтолуп, аларды жоюудагы иштер жана жоопкерчиликтери каралды.

Милициянын полковниги Марлис Асанов жыйындын соӊунда ар бир жетекчиге кайрылуу менен кылмыш иштеринин сапаттуу тергелишине, оор жана өзгөчө оор кылмыштардын бетинин ачууда, алдамчылык, мал уурулук, үй-бүлөлүк зомбулуктарга, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка токтолуп, бул багыттарда тиешелүү жумуштарды жандардыруу зарылдыгын белгилеп өттү.

Ошону менен катар жалпы кылмыштулуктун, укук бузуулардын алдын алуу, синтетикалык баӊгизатка каршы күрөшүүнү, диний-экстремизмге каршы аракеттерди күчөтүү жана эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча бир нече талап коюлду.

Ал эми жер-жерлердеги милиция жетекчилерине өздүк курамга шарт түзүүдө жана кызматтык тартипти, мыйзамдуулукту сактоодо, жаш кызматкерлерге насаатчылык, окутуп үйрөтүү иштерин уюштурууну, жеке көзөмөл астында ишке ашыруу учурдун талабы экени белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE