Пример HTML-страницы

Пресс хата 4 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=22142&preview=true Кызыктуу окуялар.

Пресс хата.

 

4-болум

 

Сурунон эч ким даап чыга албай, кыргыз туйшолуп калыптыр.

— Ата? Манас кыйын деп айтпадын беле? Ал чыкпайбы, тиги, ким эле?.. Жолойго…

— Акылындан тегеренейин! .. Манас бабан баатыр, болгондо да, кылымга татьырлык баатыр. Ошол учун, эмгиче аты очпой келатпайбы — арбаганынан айланайын. Бирок, балам, Манастын заадиси баатыр да. Ал балбан эмес. Ал — баатыр. Баатырлардын да туру болот, кулунум. Илгерки, олуя, сынчы адамдар баатыр сыны билине баштаган балдарды кенедей кезинде эле он-кешпирине, мучосуно, кабак-кашына, акыл сезимине карап, турлорго ажыраткан. Тулку бою далдайып, колуна тупоктуу найза кармагандын баары эле баатыр атка коно бербейт. Булчундары буржуйган менен озунун жеке акылы жок, копчулук урушка киргенде, тентуштарына таянып, бар кокурогун дагдайта, соолоттуу баатыр ондонуп, куркурото найза сунуп, жоо качырган жигиттерди — «ээрчиме баатыр» деп аташкан элде.

Мурунку заманда такымына кок союлду кыстарып, кундоп-тундоп жол журуп, бироонун жылкысына тийип, уйур-уйур жылкыны алып жолго тушушкон жигиттер деле жалпы жонунан баатыр аталган. Ошонун ичинен жанына караан эрчитпей, жеке озу барып жылкы тийип, жылкыны кайтарган жигиттер туюп калса, артка качпай салгылашат. Тынч жаткан айылын канга болоп, кызыл кереге кылып чапчумун деп келген жоодон сестенбей, жаткан ордунан жоо кийимин кийбестен, атына жайдак минип, кыйкыра тутундой качырган жигитти — «жеке баатыр» дешкен.

Жер онутун жакшы билген, жоонун санын андап, ошого жараша уруш салган баатырлар болгон. Чынгыз хандын жоокерлери кез келген жоонун коптугуно карабастан, артка чегинип качымыш болуп, кун мурунтан ар кай жерге — тандалма, аты тын аскерден буктурма койгон. Чегинип бараткандарын коргон жоо аттарын кызыл май кылып эсин оодарып, мына-мына жетебиз деп калганда, онутто турган аскерлер орой чалып, быт-чытын чыгара талкалашкан. Аттар кыялап, аран чыкчу тик беттерге кез келишсе, аттуу жоо болушуп, ит урушун жоого тануулашкан. Мындай ыкманы колдонуп согушкан баатырды — илекор баатыр деп даназа кылышкан.

Баатырлардын дагы бир туру: чыдамдуу, далай кармаштын ичинен чыккан карышкырдай «кынк» этип ун чыгарбаган — жан кечти. Чыдамдуулугу ушунчалык; как тобосуно чокмор тийип туулгасы ыргып кетип, башынан аккан кан коздорун корсотпой калса да, анысын бетинен шыпырып коюп, атынан тушпой согуша берген жан болот. Буту сынса — канжыгасына, колу сынса — мойнуна асып коюп, айкайлаган чуу салып, жоонун шаштысын кетирген, чанкап баратса, атынын терин ######, эс алганды билбеген баатыр болот. Мындайларды эл тамшанып «кок жал» дешкен.

Мындан болок, сейрек учуроочу баатыр болот. Журогундо жалы бар деп коюшат. Козун ирмегенди, жалтануу дегенди билбеген кашкой жан. Мин киши курал-жарактарын шарактатып, бет алдынан чыкса дагы, кайтып калбастан, куюндай чан ызгыта чимирилип келип, бир тиет. Жалгыз экенине карабай, жоону аралап салгылашып, олоор-тирилерине карабай, быт-чытын чыгарат, же озу набыт болот. «Шер» деген соз бар, «баатыр» деген создон алда канча даназалуу. Мына ошол; «адам шери» атка конгон, бир элдин мандайына чырак болуп, кун-тун жоодон, ат устунон тушпой кайтарган баатыр. Санай келсен, баатыр деген кыргызда коп «шер»атка конгону чанда.

Эми балам, Манас бабана буралык кеп учугун… Мына жанагы, биз санай келген баатырдык сын-сыпаттардын баардыгы бири калбай ушу Манас баатырдан орун алган. Айколдугу да ченемсиз, карып-мундууларды тушунгон, акылы, зиректиги менен жол баштап, элди ээрчите билген жол башчы болгон. Кайсыл баатыр шай келет Манаска? Элдик баатыр деген ошо. Найзаны сороктотуп, «баатырмын» деп жоого тийип, элин кызыл кереге кылып чаап, жетим менен жесирди кобойтуп, кул-кундорду олжолоп, алтын ээрди тоолорго жуктоп, пайдага марыйм деген эмес. Элинен, жеринен бозуп, мункуроп турган алакандай калкын чачыратпай бириктирген. Кыргыз уруучул келет. Жылкыларынан ойдо, оз уруусунун эн тамгасы болгон. Ар кимиси бир коктуну ээлеп хан болуп, баатыр атанып, коншу унун малын тийип олжолоп, чыр чыгарып, жата берген. Ээ, балам, сен да акыл мурадына жетип, торолоорсун. Элдик киши бол! Колунда барда — чонтогунду шыкаалап, бак тайыган куну кол жууп кеткен достордон оолак бол! Бекеринен, Манас бабабыз — он жагына Бакайды, сол жагына — Кошойду алып, кенеш сурап, акыл уйронгон эместир. «Мен! Мен! » дегенди Алла Таалам да жактырбайт. «Мен» деген соз бир Аллага тиешелуу. Он сегиз мин ааламды тугол, ай жылдыздары, тободо чырактай жанган Куну менен жаратып койгон ал гана ушинтип айта алаар.

Баатыр дегендин баары зор тулкусу далдайса эле — баатыр эмес. Акыл калчап иш кылганды, уруу-уруу деп болбой, урушка жеткизбей, бир добонун устунон эки элди жараштырып койгонду да баатыр дейт. Манас бабан ошондой; чачылганды жыйнаган, болунгонду чакырган косом, айкол адам болгон. Эгер ал болбосо, ботон жер, болок элде, кимдин эшигин сагаалап журоор элек? Жетим баладай бозортпой, айчыктуу туусун коколотуп жол баштап: «Кен Ала-Тоо кайдасын! » деп, бир ууч элин ээрчитип, ата-бабасынын жерине келген тура — арбагынан айланайын.

 

—Чон атасынын доошу сонку создорду айтып жатканда—желарга чоп башына тийгендей дирилдеп кетет. Жанатан бери чон атасынын ангемесин кунт койуп угуп олтурган небереси тынымдан пайдаланып суроо берет;

—Чон ата! …. Жанаа, Жолой баатырды айтып келатпадын беле?

—Ии!….-уйкусунан чочуп ойгонуп кеткендей чыгат кары адамдын доошу . -Унуткан жокмун кулунум…..Ошо тапта Кошой бабабыз сексен беш жашты таяп калган кези экен, .

Сексен беш жаш деген оной эмес. Кирпиктери кибиндеп, козу шорлонуп калбаса дагы, жаш убактысындай каруу куч кайда. оордоп калган кези экен жарыктык.

Акматбай карыя ушуну бир айтып, тамагын жасап, кубат алгысы келгендей бет алдындагы мелтиреген колго миз багып алып, доошун кунгуроно , жай, салмак менен таштап, эки доонун кармашына бурду:

Жолой бекем тутканы,

Колун Кошой булкканы,

Касиеттуу эр Кошой

Бир тартуу менен Жолойдон

Билегин сууруп алганы

Кол терисин шыпырып

Жолой алып калганы

Кара калмак кытайдын

Каалап салган балбаны

Абакениз эр Кошой

Ач билектен алганы

Эки жулкуп эр Жолой

Эптеп сууруп алганы

Шыпырылып кол тери

Кошойго кетип калганы.

 

Кайра басып Жолой доо

Калмакча намаз окунуп

Кырк алтын сурот буту бар

Бурканына чокунуп

Кайра басып калганы.

Абакениз эр Кошой

Азырланган жери ошо

Качанкысын ойлошуп

Карыя Кошой, чон Жолой

Кармаша кетти бойлошуп.

Абанды тутуп алганы

Калмактын Жолой балбаны

Асманды коздой атканы

Кармаган бойдон абандын

Жолойдон колу кетпеди

Абакениз Кошойдун

Кайраты толгоп ошонун

Аягы жерге жеткени

Таманы менен тик тушту

Жазылган талпак ордундай

Тийген жерге тик тушту.

Аяктаган абаныз

Ал кубатын караныз

Колуна тийген Жолойду

Козголтуп жерден алганы

Айлантып асманга атканда

Кылым кытай балбаны

Кырдана тушуп бадырек

Аяктап тура калганы

Таманы тийген жерлердин

Далай чыкты далдалы

Арбытты антип жумушту

Токтолбостон бир-бирин

Асманга топтой урушту

Топ аткандай атышып

Ал экоонун жанына

Адам уулу болгондон

Барар эмес катышып.

 

Карангыда тан болду

Кара тозок чан болду

Капыр менен мусулман

Коро албай кообу тан болду

Чан жашырды сан колду.

Ылактырып ыргытып

Урулуу журтту дыргытып

Аны менен жыга албай

Азап болду бир даалай

Бирин бири бу кундо

Олгонуно карабай

Тегирмендин барадай

Тегеренип калышып

Онорун артык салышып

Бири-бирине эки доо

Очошкон бойдон калышып

Куйрукка шымын тушуруп

Кур букадай сурушуп

Кармаган жерден кан чыгып

Чарпышкан жерден чан чыгып

Качан бироо жыгат деп

Ашыгып адам жан чыгып

Оёндор курош салганы

Ойду-донду булкушуп

Ойрот журт айран калганы

Наамысына чирешип

Акырек менен тирешип

Согончок тийген жерлерин

Тоз-тоз кылып тирешип

Топосу тоодой тозулуп

Тозону кокко созулуп

Баскан жери казылып

Чаны асманга жазылып

Коргондун бою дуркуроп

Алышып жургон эки доо

Арыстан шердей куркуроп

Бирин-бири жыга албай

Удоосуно чыга албай

Куугум жетти, кут кетти

Бабан Кошой канетти?

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE