Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө компьютердик томография аппараты иштебей калды. Тургундар оңдоо ишин тездетүүнү суранууда

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында томографиялык изилдөө жүргүзгөн аппарат убактылуу иштебей жатат. Мындан улам тургундар аны тез арада ишке киргизүүнү суранууда.

Тургундардын айтымында, аппарат кечээ, 13-апрелден тарта иштебей жатат.

«Учурда жол кырсыгына кабылгандар, инсульт алгандар келип, эшик сүзүп жатабыз. Облуста мындан башка аппарат жок. Жол кырсыгына кабылган, инсульт алган жакындарыбызды Бишкек шаарына алып барууга мүмкүн эмес болууда. Эшик алдына 17-апрелге чейин техникалык тейлөөгө жабылды деп жазып коюптур. Аргасыз болуп жатабыз. Бир тетиги күйүп кеткенин айтышты. Саламаттыкты сактоо министрлигинен аппаратты тез арада оңдоп берүүнү суранабыз», — деди тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE