Пример HTML-страницы

23 жаштагы Мээрим Рапатова көчөлөрдө бекер интернет бар өлкөдө билим алып жатат

Акыркы жанылыктар

Turmush23 жаштагы Мээрим Рапатова Кореянын Сеул шаарында билим алып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Кырк-Казык айылында төрөлгөн. Кичинекей кезинде ата-энеси менен Бишкек шаарына көчүп келип, гимназияда билим алгам. Андан кийин Жаңы технологиялар институтунун технология бөлүмүнда кийим дизайнер адистигине тапшырып, 2019-жылы аяктаган. 2022-жылы И.Раззаков атындагы университеттин технология бөлүмүнүн кийим дизайнери адистигин аяктаган.

«Учурда Кореянын Сеул шаарында Soongsil University университетинин алдындагы тил курсунда окуп жатам. Келе жаткан жылы буйруса ушул эле университетке магистратурага тапшырам. 2022-жылы жогорку окуу жайды аяктаган соң тил үйрөнүп баштадым. Атайын курстарга барып окудум. Окууга тапшыруу процесси абдан жеңил болду. Бирок визага тапшырганда виза бербей коёбу деп коркунуч жаралды. Анткени бул жакка биздин өлкөдөн виза алыш кыйын деп саналат экен. Бул окуу жайга келген соң көп досторду күттүм. Алар дагы мендей болуп эле, Бразилия, Европа өлкөлөрүнөн, Кытай, Япониядан окуу үчүн келишкен.

Корея абдан коопсуз. Жалгыз таксиде болобу, жолдо келесиңби, камсанабай жүрөсүң. Тамактары жакты. Бир отурганда эле ар түркүн көп сандагы тамак коюлат. Бир шаардан бир шаарга поезд аркылуу барасың, билеттери дагы арзан. Саякаттоого абдан ыңгайлуу. Бул жерде ар бир жашоочу үчүн көчөлөрдө шарттар түзүлгөн. Жашоочулар дагы жумушту абдан сапаттуу жасоого аракет кылышат. Эли абдан кесипкөй, так, жоопкерчиликтүү. Бул жакта Жаңы жыл майрамын белгилегенде эл көчөгө үйүндөгү жаңы буюмдарын, эмеректерин алып чыгып коюшат экен. Кимге керектүү болсо, ошол алып кете берет. Көчөдө таштанды жатканын көрүү мүмкүн эмес.

Көп кабаттуу үйлөр аябай көп. Алардын алдында ар кандай скульптуралар орнотулган. Ар бир көчөдө акысыз суу иче турган жайлар, ажаткана жайгашкан. Ар бир жерде 24 саат бою иштеген дүкөндөр бар. Ал жерде тез тамактанууга шарттар түзүлүп, дүкөндүн бир бөлүгүндө ысык чайга чейин даярдап алса болот. Ар бир метро станцияларда, көчөлөрдө бекер интернет бар.

Бул жерде убакыт абдан тез өтөт. Кантип жумуш башталып, окуу аяктап, кеч кирип кеткенин байкабай калат экенсиң. Бош убакыт дегенди билбейсиң. Жер-жемиштер, эт, турак жай абдан кымбат», — деди ал.

Мээрим үй-бүлөдө 3 бир туугандын кенжеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE