Пример HTML-страницы

Марал Сооронбаева ашпозчулук менен катар кол өнөрчүлүктү аркалап келет

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Шаты айылынын тургуну Марал Сооронбаева ашпозчулук менен катар кол өнөрчүлүктү аркалап келе жатат. Ал коӊшулардан буюртма алып, жакшылык ээлерине кызмат көрсөтөрүн билдирди.

Марал Сооронбаева 1976-жылы Жети-Ѳгүз районуна караштуу Жеӊиш айылында жарык дүйнөгө келген. Ал үй-бүлөдө 8 бир туугандын улуусу экенин айтып, өз кезегинде уз-чеберчиликти чоӊ энесинен үйрөнгөнүн айтат.

«Мен үй-бүлөнүн тун кызымын. Чоӊ энем мени үй тиричилигине абдан бышырып, тыӊ кылып тарбиялады. Жеӊиш айылындагы мектептин босогосун аттап, ийгиликтүү аяктадым. Негизи секелек кезимде медицина кызматкери болууну кыялданчумун. Ошентип, Каракол шаарындагы медициналык окуу жайга тапшырып окуп баштаганда жолдошум алып качып кетти. 1993-жылы баш коштук, анан үй-бүлөлүк шартка байланыштуу бул окуумду уланта албай калдым.

Турмуштун ыргагына баш иет турбайбызбы, жолдошум экөөбүз эки уулдуу болдук. Тилекке каршы, жолдошум 19 жыл мурун дүйнөдөн кайтып, уулдарыма атанын да, эненин да мээримин бергенге аракет кылдым. Азыркы тапта келиндерим, 4 неберем бар. Алар менен мен бактылуумун», — деди ал.

«Билим алуу — эч убакта кеч эмес» деген Марал Сооронбаева үй-бүлө кургандан кийин ашпозчулук кесипке ээ болгонун кошумчалап, ардактуу кесипке айланганына сыймыктанат.

«Жолдошум менен баш кошкондон кийин Бишкек шаарында жашап калдык. 2002-жылдары борбордо Европа ашканасы жаӊыдан жанданып келе жаткан эле. Ошондо атайын курс сатып алып, катышып шыгыма жараша тез эле өздөштүрүп кеттим. Дээрлик 20 жыл аралыгында Бишкектеги атактуу ресторандарда иштедим, Ысык-Көлдүн эс алуу жайларында башкы ашпозчу болдум.

Азыркы тапта жакшылык ээлери чакырган мааракелерде тамак-аш менен тейлеп берем. Ашкана жаатында да улам сайын жаӊылануу жана өзгөрүүлөр болуп турат. Жаӊы курамдарды көбүнчө интернет аркылуу көрүп алып өзүмдүн чыгармачылыгыма жараша жасай берем», — деди ал.

Ал эми бош убактысын кол өнөрчулүк менен өткөргөн М.Сооронбаева жаш балдарга кийим тигип, байпак токуп кошума киреше табарын белгилейт.

«Ѳз кезегинде чоӊ энем кийиз кармаган чебер аял болгон экен. Себеби жасаган шырдактарын Казакстанга чейин алып барып сатып, соода кылып келчү. Ал адамдын жанында чогуу жүрүп, ийик кармап жип ийрип, түймө түйүп, курак кураганды жакшы көрчүмүн. “Кол өнөрчүлүк карыбайт” дегендей, азыр мен да чоӊ эне жашына келип, неберелериме кийим-кече тигип берип, жиптен түрлөп көйнөк, байпак токуп берем. Коӊшу тааныш адамдар кол эмгегимди баалап, кез-кезде буюртма беришет. Мындай учурда көз майды алган майда жумуштун акысы 400 сомдон 3 миӊ сомго чейин баланат. Алдыда учубуз кур эмес, келиндерим менин жолумду жолдоп, кол өнөрчүлүктү аркалап жатышат», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE