Пример HTML-страницы

Кызыл-Коргон айылына байыркы кербендер түнөп, төөлөрүн тойгузуп турушкан

Акыркы жанылыктар

TurmushАлай районунун Ленин айыл өкмөтүндөгү Согонду айылында учурда 3 миңге жакын калк жашайт. Мурун Кызыл-Коргон деп аталган айылды Улуу Жибек Жолундагы кербендер аралап өткөнү айтылып калган.

Айылдын жашоочусу Айдан Марс кызынын айтуусу боюнча, кербенчилер Алай тараптын төрт жеринде: Дароот-Коргон, Сопу-Коргон, Кызыл-Коргон жана Таш-Коргондо түнөп өтүшкөн.

Кызыл-Коргон айылы

Кызыл-Коргон

«Кызыл-Коргон десе чоң коргонду элестетпеңиз. Айылдын чоң жолунда кичинекей кызыл ылай жошодон тургузулган коргон болуп, анда кербендер конуп кетишкен. Ал жерде төөлөр жечү тикенек өскөндүктөн да түнөшчү экен. Кокон хандыгынын убагында курулган чайкана бар, ошол жерден тамактанышкан дешет. Учурда ал чайкана почта болуп, жарымы жабылып турат», — деди жергиликтүү тургун.

Айдин чоң атасынан уккан баянды да айтып берди.

«Чоң атамдын айтып берүүсү боюнча, байыркы убакта Кызыр ата базарларды, эл көп жерлерди аралап жүрчү экен. Ал адамдардын арасынан чынчыл, бей-бечараларга жолукканда колун кысып койсо алар байып, ырыскысы кеңири болуп калган дешет. Мындан улам «Кызыр конгон» деген мааниде, бара-бара «Кызыл-Коргон» болуп айтылып калышы мүмкүн.

Жашаган жерибизде кар көпкө турбай, жайы салкын, кышы жылуу болгон үчүн да бул жерге кызыр конгон деп айтып калышат», — деди Айдан.

Ал эми учурдагы Согонду деген аталышы сок деген чөпкө байланыштуу. Сок — сарымсактын бир түрү, аны айыл эли дарылыкка колдонушкан. Бул чөп мурун көп өскөнү менен, азыр жайлоолордо гана өсүп калганын айтышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE