Пример HTML-страницы

ЖЕТИМДЕР 6 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=7259&preview=true Кызыктуу окуялар.

?ЖЕТИМДЕР
6 — БӨЛҮМ

Күн өткөн сайын Токуштун жылдызы чыгып, агы ак, кызылы кызыл тартып маралдай кыз болуп чыга келди. «Ит менен бала тойгон жеринде» дегендей, жазыксыз наристе эми Султанбек менен Зайраканга алынып, аларды пааналап, баш ийгендей. Бирок, туубаса да тутунган байкуштар энеси эсинен чыкты, ата-энесин билбей калды деген ойдон алыс, бир заматта жылт койгон Токушту ата-эне алыстан
издебейт. «Кокуй, баякы жакка дагы кеткен экен ээ», дешип артынан кубалап жөнөшөт. Айткандай эле алар кызын Шайымкүл көз жумган жаман тамдан көтөрүп чыгышат.
Токуш энеси экөө жашап турган ошол жаман үйгө абдан үйүр. Алар качан анын алдына барып, же ичине кирип ойноп олтурганын көрөсүң. Анан анын бала туруп улутунганычы. Башкасы калса да Токуштун улутунганы өмүрү менен бирге жашап, сөөгү менен бирге жатчудай бир укмуш, «Көйнөгүңдү
уй жегир, мынча эмнеге улутунасың. Жаман болот, антпей жүр» дешип, ата-эне кээде жалынып, кээде какус-кукус кылган болушат.
Токуш болбойт. Не тамак ичип олтурсун, не ойноп олтурсун, не Зайракан менен Султанбек мойнуна миңгизип көтөрүп жүрсүн, баары
бир, улутунганы улутунган.
Маркум Шайымкүл Зайракан менен Султанбекке Пишпектеги жаңы ачылган балдар үйүндө тарбияланып жаткан уулу Нурлан менен кызы Ракат жөнүндө көп айткан эле. «Балдарымды сагынып, куса болуп жүрөм курдаш» деп көз жашын эчен ирет мөлт-мөлт төккөн. Аялдын ошондо айткан сөздөрүн эстеп Зайракандын жүрөгү сөнө түшөт. Өзүн эч нерсеге арзыбаган, эч бир аялга тең келбеген,
максатсыз аялдай көрөт.
— Шайымкүл өлгөн жок, — дейт өзүнчө күңгүрөнүп. — Ал өлбөс-өчпөс ургаачы. Балалуу киши да өлмөк беле. Ал өлгөн менен анын өмүрүн, баскан жолун артында калган бала-чакасы уланта берет.
Ата-эне ошон үчүн артымда тукумум калар бекен деп тилек тилейт окшобойбу. Аккан арыктан суу агат деп ошон үчүн айтат тура. Эмнеси болсо да келечеги бар аял экен. Тигил жакта эки баласын өкмөт аймончок кылып тарбиялап жатса, бул жакта мен анын . Токушун
алчаңдатып олтурам. Шайымкүлдөн калган тукум эми мага туу болуп олтурат.
Анан Зайракан өлгөн аялдын төш чөнтөгүнөн табылган сүрөттү эстейт. Аны кайра баштан колуна алат. Көпкө тойбой кадаланып тиктей берет. Сүрөттүн артындагы латынча жазылган тамгаларды окуп жаткандай оозун бүлкүлдөтөт. Ырас эле анда «Атаң Чокодон уулум Нурланга белек» деп жазылган болучу. Аны Зайракан бирөөгө оқутуп көргөн. Аял таңданат. «Күйөөсү да өкмөткө жаккан акылман, угуту бар жигит болсо керек. Султанбек айткандай маңдайынан шам күйүп турат. Ырыска шерик өңү бар экен».
Тилегине жетпей Шайымкүл, эки балам деп зыркырап жүрүп, акыры ачкадан тентип өлдү. Нурлан, Ракат! Қандай сонун уккулук-
туу аттар. Ата-эненин кимдигин ушул аттар шаңдандырып жаткансып, Зайракандын жүрөгү өрөпкүй түшөт. — Менин Токушумдун аты да жаман ат эмес. Оо байкуш жетимчем, эмгегимди кайтарып тирүү жүрсөң болду. А-а кокуй, эмгегимди деп коём да. Эгер эртеңки күндө бир туугандары келип алып кетсе анда күнүм эмне болот. — Келин онтоп жиберди.
Эшиктен кирген кичинекей секелек кыздын «эне!» деген үнү Зайракандын көзүн ачты. Эне деген асыл сөздү, аял ушул бечара жетим
үйүнө келгенге чейин эч кимдин оозунан уккан эмес болучу. Жанына жакын келген кыялы жакшы, тили таттуу, булбулдай сайраган кызын
элжирей тиктеди. Анын эне деген сөзү көңүлүн асманга учурду. Кучактап туруп бооруна бекем кысып-кысып алды. Эки бетинен алмак-салмак өптү. Жыттады.
— Ак жолтой болор бекенсиң, күнөөсүз байкушум. Артындан агарган уул, кызарган кыз ээрчитип келсең ээ. — Эне бала эркелешип бүткөндөн кийин Зайракан кызын сынамак болду. Ал мойнун созо берип, терезе жакка бурулду да «Ай Нурлан! Ракат! Алгыла Токушту, көтөргүлө!» деп шаңк этти. Эненин алдында бейкапар олтурган кыз элеңдей түштү. Зайракандын кучагынан суурулуп чыкты. Ал эшикти көздөй беш-алты кадам шилтеп барып, токтой калып энесине бурул-
ду. «Ну-и, и-яй-я» деп кичинекей сөөмөйү менен тышты көрсөтө берип, үнүнүн бардыгынча кыйкырып жөнөдү. «Ну-у! Ияя!»
Эси ооган Зайракан олтурган жеринде катты да калды. Бир кезде Токуштун артынан жүгүрүп чыкса, ал түз эле баякы эски тамды көздөй бөж өндөп жүгүрүп баратыптыр…
Кийинчерээк Султанбек менен Зайракан Токуштун атын өзгөртүп коюуну кеңешишти. Эне өзү жакшы көрүп тандаган көп аттарды
айтты. Бирок, Султанбек «Турмуштун көлдөй чайпалып, замана толкуп турган кезде багып алдык. Ошондуктан, Толкун болсунчу кызың-
дын аты» деди. Зайракан сүйүнүп кетти. Ошондон кийин Токуштун аты Толкун болду да калды.
Эл оозуна элек коюп болобу, «Асыранды баланы айылчы катын билгизет» дегендей, ар кимиси ар түрдүү сөз айтат. Ата менен эне
жакшы сөз укса жарптары жазылат. Жамандыкты кулагы чалса куйкалары курушат. Жүрөктөрү сыздайт. Анан бала болот деп бапестеп олтурган эненин ак пейлине ала көлөкө тура калат. «Бул эл аман турса, кызымды кынына киргизишет экен» деп көөмөйүндө сарсанаа болот. Ушундан кийин Зайракан кызын экинчи жолу сынады.
Ээн үй. Эне бала жалгыз. Аял баякысындай дагы кыйкырды, «Нурлан ай, Ракат! Толкунду көтөргүлөчү! Алгыла ТолкундуБул сапар
эненин чакырыгын кыз беймарал кабыл алды. Эч эчтекеден капарсыз, момураган калыбында чоочун, дегеле өмүрүндө угуп көрбөгөн
бирөөлөрдүн атын уккан немедей, эшикти бир карап койду да, Зайракандын колундагы өзүнүн топусуна кадап жаткан үкүнү кошо
кармалашып жатты.
Булар ушундан кийин кызга акыл-эс кирип калган кезде эл арасынан бакан ооз чыгып кетеби деп сактанышты. Зайракан менен Султанбек бул жерден көчүп кетүүнү кеңеш кылышты. Анан Султанбек өзү иштеген пароходствого барып, бошонуу жөнүндө арыз сунду…
Қызматтан бошогондон кийин, өздөрүнө тааныш бир орус поселкасына келип турушту. Эки жылдан кийин алар цыгандардай самсаалашып ал жерден да кайсы тарапка бара тургандыктарынын дайынын эч кимге айтпай Зайракандын көл башындагы төркүнүнө көчүп кетишти.
Султанбек жаш кезинен орустардын колунда жалданып иштеп жүрүп эр жеткен. Анын артымда ага-тууганым, ата-энем калды деп
кылчаңдай турган эч кимиси жок болучу. Қырканы кыдырып, ар кимдин ирегесинде жүрүп, орус жергесинен тапкан табылгасы, алган байлыгы чоң. Темирди темирге, жыгачты жыгачка салып узанган усталыгы. Өлбөс өнөрдүн ээси.
Алар келери менен артелге мүчө болуп өтүштү. Кийин ошол артель «Жаңы-Айыл» деген колхоз болуп кайра уюшулду. Анда Толкун
сегиз жашка чыгып калган кези эле. Бактыга жараша Султанбектер турган Жол-Арык айлында он жылдык мектеп ачылган. Ал кезде
аны ШҚМ деп аташуучу.
Толкун ошол мектептин босогосун биринчи жолу аттап, биринчи жолу партага барып серейип олтурган кез.
Султанбек таякты атайын жасап, аны убакытты билүү үчүн белги кылып ачык жерге сайып койгон. Таяктын бир жагында бор менен
сызылган узун чийин бар. Ошол сызыкка таяктын көлөкөсү түшкөндө Толкундун мектепке кете турган мезгили болот. «Қокуй, кечигип калба, убактың болуп калыптыр балам!» деп таяктын көлөкөсүн көргөн
Зайракан шашкалактайт. Ал Толкундун бети-колун жууп, сеңселген кара чачын татынакай кылып тарап, таза кийимдерин кийгизет.
Тамак-ашын берип курсагын тойгузат. Китептерин асма китеп баштыкка салып иреттейт. Анан экөөнүн бирөөнүн кимиси бош болсо, ошонусу мектепти көздөй кызын жетелеп жөнөшөт.
Күн сайын Толкунду жеткирүүдөн чарчабаган ата-эне коңгуроо менен класска кошо кирет. Алар мугалимге кайра-кайра табыштайт.
Кичинекей немени балдар уруп ыйлатып койбоосун эскертишет. Ата-эненин кимиси
эле болбосун кызын өз ордуна олтургузуп,
анан китептерин баштыгынан ажыратып колуна берип, окуу бүткөндө кайра келип ээрчитип кетээрин айтышат. Ок эле ысарга кетип бараткансып маңдайынан өбө, башынан кайра-кайра сылап, жалынып-жалбарышат.
Балапанын акмалап, уянын үстүнөн айланып кетпеген камкор ата чыйырчыкча имeрчиктеген Султанбек акыркы сөзүн айтат. «Мен кетейин эми кулунчагым, тентектик кылбай, балдарга тийишпей олтур.
Мугалим агаңдын тилин ал. Тартип сактап олтуруп окууңду жакшы оку» дейт. А Толкун болсо балалык мээримин төгүп башын элпек
ийкеп коёт. Убадага турбаган ойноо секелек, атасына эмне деп эркелерин билбей, ордунан секирип турат. «А-та!» Кетип бараткан Султанбек токтой калат. «Мына токочум да бар. Энем момпосуй да берген. Түгөнгөндө дагы алып келип бергин макулбу, атаке?» «Жарайт балам. Тамак соо кыз экен деп жолдошторуң шылдың кылып жүрбөсүн сени». Толкун кыткылыктап олтурган балдарды айланта карайт.
«Кош кызым, мен кеттим»,- «Кете бер атаке, мен коркпойм, ыйлабайм» дейт Толкун эчак чыгып кеткен атасынын артынан кыйкырып.
Султанбек артын кылчандай карап, мектептен алыстай баштайт. Кыз ордунан улактай секирип туруп, эшикти көздөй жүгүрөт. Зайнидин кичинекей тентек окуучусун токтотууга аракет кылат.
– Толкунтай, кайда барасың айланайын? Азыр списка чакырам.
Анан сабак баштайбыз.
– Сийем.
Балдар чурулдай түшөт.
– Чи-и-и-ш. Бар, барагой Толкун. Бирок, тез кел.
Толкун атасын таппай калат. «Ат-а-а!, А-та-ке-е!» Ээгин эмшеңдетет. Класстан Зайнидин чыгат.
Толкун! Атаңды эмне кыласың кагылайын. Ал азыр эле кетпедиби.
Сагындым, Зайнидин каткырып күлөт. Толкунду алдап-соолап класска жетелейт…
Ушул кичинекей жылдыздуу тентек кыз бардык балдардын зиреги. Көкүрөгү каттай. Тентек, эрке болгонуна жараша сабакты жакшы билет. Ошондой артыкчылыгынан улам ал эки классты бир жылда бүтүрдү.
Үй-бүлөдө да Толкун ак жолтой кыз болду. Ак жолтой болгондо да кандай дейсиз. Аны айтып да, алкап да бүтүрө албастай залкар.
Азыр Султанбектин Толкундан башка дагы эки уулу бар. Ата-эне бул балдарды Толкун болбосо көрбөчүдөй, Зайракан өзүн өмүр бою туубай өтчүдөй сезет. Эки баланы көз көрүнө ушул жетимче кыз жетелеп келип бергенсип Толкунду жер-сууга тийгизишпейт. Жылтыраган жакшыраак бирдеме болсо Толкунга чапташат, таттуу тамагын катып-үтүп
Толкундун оозуна кармашат. Эки уулум Толкунумдан калганын кийип, Толкунумдан артканын ичишсин дейт.
Толкун да ата-энеге башкача жакын өстү. Анан калса алардын боорун жалап койгондой бир укмуш. Анын бала туруп тазалыгы,
сарамжалдуу, дыкандыгы кадим эле энеси Зайраканга окшойт.
…Ошентип күндүн кандай өткөнү билинбей өмүрдү өмүргө улап, жылдар-жылга жалгашып жатты.
Толкун да майда жашын жашап, суук көзгө көрүнө баштады. Эл оозуна кирген акылдуу, оор басырык, сулуу кыз болуп, булуттан
чыккан айга окшоп жаркырай берди. Қызынын ушундай артыкчылыгынан чочулаган Зайракан, балама ниети жаман, көңүлү кара бирөөлөрдүн «көзү же сөзү болбосун» деген ой менен тумар чийдирип, жети кара ташты дубалатып, анын бирин мойнуна, бирин кийимини колтугуна тагып койду. Толкун окуусун уланта берди.

x x x

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE