Пример HTML-страницы

Нарын шаарында күнөскана иштеткен К.Ысыралиев бир түбү 7 килограммга чейин мөмө берген малина өстүрүүдө

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКлиматы катаал Нарын шаарында күнөскана иштетүү жандана баштады. 74 жаштагы Калыйкул Ысыралиев 10 жылдан бери күнөскана өздөштүрүп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Калыйкул Ысыралиев ардактуу эс алууга чыкканга чейин эле күнөскана курууну ойлонуп жүргөн. Кийинчерээк жарнамадан күнөскана иштетүү боюнча сынак жүрүп жатканын көрүп, бул сынакка катышып көргөн. Шарттары, билими туура келгендиктен, уюштуруучулар тарабынан тандалып алынып, ишин баштаган.

Фермер жашылчылардын түрүн жана көз жоосун алган кооз гүлдөрдү өстүрүп келген.

«Күнөскананы курууда аталган долбоордун уюштуруучулары каржылык колдоо көрсөтүштү. Биринчи жылы бадыраң жана 400 түп роза гүлүн отургуздум. Иш баштоо башка кеп, ал эми иштетүү үчүн билим керек болгондуктан, үч жолу кыска мөөнөттүү курстардан окудум. Жыл өткөн сайын кайсыны эксем, кирешелүү болот деп анализдеп отуруп, акыркы 5 жылдан бери Польшадан «Полана» аттуу малинанын сортун алып келип өстүрүп жатам. Мунун артыкчылыгы бир түптөн 2 килограммдан 7 килограммга чейин мөмө берет. Малина айдаган түшүмдүү болот. Себеби кеч күзгө чейин мөмөсүн ала бересиң. Жазында көчөттөрүн сатып, пайда тапсаң болот. Мындан сырткары кара малина дагы айдап көрдүм», — дейт Калыйкул Ысыралиев.

Фермер акыркы төрт жылдан бери күнөсканадагы өсүмдүктөрдү тамчылатып сугарат. Анын күнөсканасынан бир беткей өсүмдүктөрдү көрүүгө мүмкүн эмес. Роза, жоогазын гүлдөрүнөн тартып көктөрдүн түрү жана жүзүм, анар, малинага чейин бар.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE