Пример HTML-страницы

Өзгөндүн Беш-Абышка айылында турак үйлөрдүн, мектептин жана мечиттин короосун сел каптады

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Беш-Абышка айылында сел жүрдү.

Айыл өкмөт башчысы Алмаз Амирбековдун маалыматы боюнча, 27-апрелдеги селдин кесепетинен 12 турак үйдүн, мектептин, мечиттин короолорун суу каптады.

«Имараттардын ичине сел суулары кирген эмес. Бардык үйлөрдүн короолору тазаланды. Ички жолдордун баарын сел алып кетти эле, кайрадан калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Сеңир айылында да сел жүргөн, бирок абал туруктуу. Сел келүүчү каналдар толугу менен тазаланды», — деди Амирбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE