Пример HTML-страницы

Ак-Сууда жабылып кайра ачылган эс алуу жайларынын тазалоодон өткөн суусу элди дүрбөлөңгө салууда

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Суу районунун Теплоключенка айылында «Ак-Суу Кенч», «Заря», «Өмүр-Дарыя» эс алуу жайлары кайра иштей баштаган.

Андан чыккан саркынды сууну сугатка колдонуу кооптуулук жаратарын дыйкандар билдиришүүдө.

«Эс алуу жайларынан чыккан суу көбүктөнүп жатат. Буга чейин коё бериле турчу саркынды суу тазалануудан өтөрүн айтышкан. Ушул жерге топтолуп, анан Кереге-Ташка коё берет окшойт. Бул суу менен эгин сугарганга зыян», — дешет дыйкандар.

Буга чейин Turmush басылмасы Теплоключенка айылында орун алган «Ак-Суу Кенч», «Заря», «Өмүр-Дарыя» эс алуу жайлары 2024-жылдын 31-мартында кайра ачылганын жазган.

«Туризмди өнүктүрүү жана ишкерликти колдоо максатында Кыдыр-Аке айыл өкмөтүнөн кат келген. Анда Алмалуу коктусунда жайгашкан эс алуу жайларынан чыккан саркынды суу сугатка колдонулуп, иштөөгө уруксат берүү боюнча кайрылышкан. Биз карап чыгып, эс алуу жайлары 1-ноябрга чейин иштөөгө уруксат бердик. Эс алуу жайларынан чыккан суу «Подгорный», «Спиридонов» каналдары аркылуу сугат суусуна колдонулат», — деген Ак-Суу райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Нурзат Калиев.

«Ак-Суу Кенч», «Заря», «Өмүр-Дарыя» жана жылуу суу курорттору саркынды суу топтоочу жайы жоктугунан улам элдин нааразылыгынын негизинде жабылган. Өткөн 2023-жылы үч тараптуу макулдашуунун негизинде кыш мезгилине чейин иштеген.

«Биздин облустук бириктирилген ооруканага айыл тургундары жана Теплоключенка айыл өкмөтү кайрылды. Анда сугат суу маселесин чечүү үчүн сууну коё беришибизди өтүнүштү. Ошондой эле жайкы туристтик мезгилде иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү боюнча да ишкерлер кайрылды. Атайын жыйын өткөрдүк. Анда сууну лабораториядан чыгарттык.

Бул учурга чейин республикалык экология да техникалык суу деп корутунду чыгарып бериптир. Биздин лабораториядан да техникалык суу деп чыкты. Айыл өкмөт, облустук бириктирилген оорукана жана ишкерлер болуп, үч тараптуу келишим түздүк. Өткөн жума менен эс алуу жайлары иштеп баштады. Учурда саркынды суулар Ак-Суу суусуна эмес, талаага сугат үчүн кетип жатат. Сугат иши токтору менен сентябрь-октябрь айларында биз кайрадан сууну токтотобуз. Анткени эс алуу жайлары саркынды суу тазалоочу жай курмайын иштөөгө тыюу салынган экен», — деген Ысык-Көл облустук бириктирилген оруканасынын жетекчиси Кутман Мурзакалыков.

  • Теплоключенка айылында жайгашкан «Ак-Суу Кенч», «Заря», «Өмүр-Дарыя» эс алуу жайлары белгисиз мөөнөткө жабылган. Анын ишин райондук комиссия текшере турганын Ак-Суу районунун акиминин орун басары Максат Дорбаев билдирген.

Эс алуу жайларынын саркынды суу топтолуучу жайы жоктугунан болуп жаткан ыңгайсыздыктар жана мыйзамсыз курулуштар боюнча айыл тургундарынын нааразычылыгын негизинде түзүлгөн комиссия текшерүү иштерин баштайт.

«Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл регионалдык башкармалыгынын тапшырмасы менен кечээ, 20-январь күнү эс алуу жайларына мөөр басылып, белгисиз мөөнөткө толугу менен жабылды. Тийиштүү кызматтар менен биргеликте атайын комиссия түздүк. Текшерүү иштерин жүргүзөбүз», — деген Максат Дорбаев.

19-январда Теплоключенка айылынын тургундары айылдын жогору жагында жайгашкан эс алуу жайларынан чыккан саркынды суу Ак-Суу суусуна кошулуп, аны эл ичип жатканын айтып нааразы болушкан.

«Айыл тургундары менен бирге биздин инспекторлор да барган. «Ак-Суу Кенч», «Заря» жана «Өмүр-Дарыя» эс алуу жайлары саркынды суу топтоочу жайы жок иштеп жатканы боюнча иш кагаздарын толтуруп келишкен.

20-январда Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына кат жөнөттүм. Бул эс алуу жайларына барчу ысык сууну убактылуу өчүрүп туруу керек. Биз саркынды суу топтоочу жай курмайын иштетпейбиз. Ушундай эле талап менен Ысык-Көл районундагы эс алуу жайлары менен да иштеп жатабыз», — деген Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл, Нарын регионалдык башкармалыгынын башчысы Руслан Термеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE