Пример HTML-страницы

Нарын дарыясынан 61 жаштагы адамды издеп жатышат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагында Нарын дарыясына түшүп кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, 1963-жылы туулган П.И. аттуу эркек киши Кыз-Жар айылында Нарын дарыясына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Таш-Көмүр шаарында жайгашкан №6 өзүнчө мобилдик тоо кырсыгынан куткаруу взводунан 5 куткаруучу, Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, Таш-Көмүр шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу жана ИИМден 2 кызматкер, ошондой эле жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE