Пример HTML-страницы

Ноокат шаарында кызыл сызыкка чыккан тосмолор алынууда

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНоокат шаарынын М.Эргешов көчөсүндө кызыл сызыкка чыккан тосмолор бузулуп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, узундугу 15 метр болгон эки объекттин курулушу буздурулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тоскоолдук жараткан тосмолор алынды. Учурда тротуарга асфальт төшөө үчүн даярдоо иштери жүрүүдө. Тротуар 1-июнга чейин оңдолот.

Бул көчөнүн тротуарына асфальт төшөө Ноокат шаардык мэриясынын 2024-жылда аткарылчу иштеринен жол картасына кирген жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чаралардын бири болуп саналат.

Мэрия кошумчалагандай, көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы мыйзамсыз курулуштар тазаланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE