Пример HTML-страницы

Аларга мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБүгүн, 29-апрель күнү Талас облусундагы сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн жетекчиси менен жолугушту. Бул тууралуу бөлүмдүн жетекчиси Бексултан Токтогулов билдирди.

Анын айтымында, жолугушууда Жогорку Кеңештин 2024-жылдын 14-марттындагы сүттү сатып алуу баасын жөнгө салуу жөнүндө токтомунун талаптарына ылайык, чийки сүттүн литрин 40 сомдон кем эмес белгилөөдө кыйынчылыктар бар экени айтылды.

Андан тышкары ишкерлердин чийки сүттү сатып алуучу ишкерлер (заготовитель) менен сүттү кайра иштетүүчү ишкананын ортосундагы келишимдер, өндүргөн продукциялардын өздүк нарктары жана запастары боюнча маалыматтары угулду.

Сезондук факторлорго байланыштуу чийки сүттүн көлөмү көбөйүү менен базистик майлуулугу төмөндөп жаткандыгынын себетеринен сүттүн сатып алууда баасы өзгөрүп жаткандыгын айтылды. Жолугушуунун жыйынтыгында өндүрүлгөн продукциялардын рыноктук баасынын төмөндөшү менен коңшу мамлекеттерге экспорттоо кыйынчылыктарды туудуруп жаткандыгын кошо белгиледи.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн жетекчиси Бексултан Токтогулов ишкерлерге Кыргыз Республикасынын атаандаштык жөнүндө, өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө жана башка мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Учурда айылдарда дыйкандар 1 литр сүттү 25 сомдон сатып жатышат.

—————————————————————————

2023-жылы 6-апрелде Талас облусунун аймагында сүттүн баасы 26 сомго түшүп, жергиликтүүлөрдүн нааразычылыгын жаратканы кабарланган.

«Бизде сүтчүлөрдүн атайын тайпасы бар. Ал жакта облус боюнча сүт төккөн фермерлер кошулган. Учурда баарыбызда бир маселе — сүттүн баасы 26 сомго түшүп калды. Бул баа элдин эмгегин жегендик болуп саналат. Биз бир уйдун көзүн карап, оокат кылып жатсак, бул элди шылдыңдоо. Баарыбыз ошону түшүнүп, бир аптадан бери сүт төгүүнү токтоттук.

Азыркы тапта сүт алгандар да кагазга кол койдуруп, ушул баага макулбуз деп жаздырып кетип жатышат. Ага бир айылдан туугандары деген 1-2ден эле адам сүт өткөрүп жатат. Биз көтөрүлүп чыксак эле, эл макул деп баягы кагазды көтөрүп чыгат. Мисалы, сары майдын килограммы 600 сом, сүзмөнүн килограммы 100 сом, сүттүн 1 литри 60 сомдон кеми жок. Биздин чөптү дагы актабай жатса, кантип күн кечиребиз?», — деген Бакай-Ата районунун тургуну Жамал Кененбаева.

Андан кийин 13-апрель күнү Талас шаарында ондогон адамдар президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдында аялдар топтолушкан. Аларсүт маселеси менен өлкө жетекчилигине кайрылышкан.

«Биз уйдан бир гана оору таптык. Мал баккан деле оңой иш эмес, ден соолукту алат. Мамлекеттен 1 сом албай, «уюң бар» деп жөлөк пулга дагы илинбей жашап келебиз. Биз сүттүн 1 литри 3 сом болгон учурда дагы унчукпай төгүп, ошол акчага жашап келгенбиз. 5 сом болгондо дагы жашоо жакшы болчу. Эми минтип 2 жылдан бери кыйналып жатабыз. Дүкөндө эртең менен бир баа, түштөн кийин бир баа болот. Бардыгы күндөн-күнгө кымбат.

Учурда 1 литр сүттүн баасы 25 сом. Ал эми 1 литр суунун баасы 30 сом. Биз ушунча ыйлай турган абалда турабыз. Бул жакта акимге кайрылсаң, «губернаторго бар» дейт. Ага барсаң «сүт заводу» дейт. Алар болсо керсейип, элдин үстүнөн акча тапкандан башка иши деле жок. Өзүбүз сүт өткөрүп, кайра дүкөндөн сүт азыктары кымбат болгонунан сатып жей албайбыз», — деген алар.

  • Tazabek басылмасынын маалыматына караганда, Кыргызстан боюнча 48 ишкана сүт иштетүү менен алектенет. Анын ичинен Талас облусунда 4 ишкана иштейт. Облуста «Талас-Даамы» ЖЧКсы, «Талас-Сүт» ЖАК, «Арашан» ААК, ИП «Тууганбаев» (Тууганбаев Б.О.) жеке ишкер, «Эмилия» ЖЧКсы иштейт.

Аларга президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча агенттигинин жетекчиси Нуржан Аманкуловдор чыгып жолуккан. Топтолгондор ар бир үйгө майлуулукту ченеген аппарат берүүнү талап кылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE