Пример HTML-страницы

Караколдо алгачкы жолу тарбиялык мааниде кыска метраждуу тасма тартылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарында «Карт дарактын көз жашы» кино тасмасынын бет ачары болду, деп билдирет аймактык кабарчы.

Бул тасмага Каракол шаарынын жергиликтүү бийлиги тарабынан атайын сынак жарыяланган. Жыйынтыгында драматург Кыял Асаналиеванын чыгармасы утуп, анын негизинде атайын кыска метраждуу тасма тартылган. Аны тартууга жергиликтүү бюджеттен 700 миң сом каралган.

«Чыгарма жаштар үчүн тарбиялык мааниси бар. Анда карыган ата-энесинин үйүн сатып жиберип, аларды ажыраткан уул жана кыздары тууралуу баяндалган. Ар бир адамды ата-энени сыйлоого үндөгөн тасма. Кинонун режиссёру Жаныш Дадабаев», — дейт Кыял Асаналиева.

Тасма калаадагы мектептерге жана окуу жайларда көрсөтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE