Пример HTML-страницы

Бишкек—Ош жолунда эки айылдаш жан берди

Акыркы жанылыктар

TurmushБишкек—Ош унаа жолунда жол-транспорт кырсыгы катталып, эки адам каза болду.

Күбөлөр Тurmush басылмасына билдиргендей, кечээ, 28-апрелде саат 22:30дар чамасында «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү эки унаа кагышкан. Анын кесепетинен айдоочу менен жүргүнчү оку болгон жерде көз жумду. Каза болгон жарандар Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Алма айылынын 1994-жылы жана 1995-жылы туулган (эркек балдар) тургундары болгон. Алар бүгүн акыркы сапарга узатылат.

Ошондой эле дагы бир айдоочу тез жардам унаасы менен Шамалды-Сай жалпы дарыгерлик практикалык борборуна жеткирилген. Дарыгер анын абалы орто оор экенин айтты.

«Кечээ түнкү саат 23:00 чамасында тез жардам унаасы 30 жаштагы эркек кишини алып келген. Ал баш мээси чайкалып, бети-башы жарылган абалда келген, ага кечиктирилгис жардам көрсөттүк. Азыркы тапта бейтаптын абалы орто оор», — деди оорукананын хирургия бөлүмүнүн башчысы Үсөн Алишов.

Жол кырсык боюнча Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү маалымат бере элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE